Жаанчыл болот. Ош облусу боюнча бир жумага карата аба ырайы

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2023
Жазылуу
Аймакта аптанын аягында гана күн ачылат.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет алдыдагы жума ичи Ош облусу боюнча аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат таратты.
Синоптиктер Ош облусунда 16-17-18-апрель күндөрү түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөрүн билдирди. Күндүз айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Ушундай эле аба ырайы 19-апрелде түнкүсүн да уланмакчы.
Ал эми 19-апрелде күндүз жана 20-22-апрелде күндүн көзү ачылып, жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 16-17-апрелде күндүз айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши мүмкүн.
Бишкектин Эркиндик бульварында сейилдеп жүргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2023
Күн катуу ысыйбы? Май айына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0