Бишкек менен Чүйдө аба ырайы кандай болот? Бир жумага карата божомол

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЖамгыр учурунда адам. Архив
Жамгыр учурунда адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2023
Жазылуу
Сары-Өзөндө аптанын ортосуна чейин маал-маалы менен жамгыр жаап турат. Тоо этектеринде үшүк жүрөт.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата Чүй облусунда жана Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Борбор калаада 17-18-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаашы ыктымал. Ошондон кийин жуманын соңуна чейин күн ачык болот.
17-апрелде көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. 18-апрелде айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
19-20-апрелде күн ачык болот, ал эми 21-апрелде тоолорго кар түшөт, бирок дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт. Эртеси кайра күндүн көзү ачылып, 23-апрелге чейин ачык турат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет. Тоо этектеринде үшүк жүрөт.
Талас шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2023
Алдыдагы аптага карата Талас облусу боюнча аба ырайынын божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0