Бишкекте Айт намаз окулду. Ага президент менен өкмөт башчы катышты

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Бишкекте эски аянтта Айт намазы окулуп, ага президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров келди.
 Бишкекте эски аянтта Айт намазы окулуп, ага президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров келди. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2023
Жазылуу
Бишкектеги эски аянтка миңдеген адам топтолгон.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Бишкекте эски аянтта Айт намазы окулуп, ага президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров келди.
Намаз башталар алдында муфтий Замир Ракиев элди куттуктады. Андан соң Айт намазынын маанилүүлүгүн түшүндүрүп, куран окулуп, тилек тиленди.
Бүгүн Кыргызстандын бардык аймактарында Айт намазы окулууда. 20-апрель күнү орозо жыйынтыкталды.
Оштун борбордук аянтында Айт намазында мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2023
Ошто Айт намаз борбордук аянтта өтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0