Айтыңыздар маарек болсун! Садыр Жапаров кыргызстандыктарды куттуктады

 Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2023
Жазылуу
Жапаров Кыргызстанга береке, тынчтык жана өнүгүү, элге сабырдуулук, биримдик, бейпилдик тилеген.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады. Кайрылууну өлкө башчынын маалымат кызматы таратты.
Өлкө башчы мээримдүүлүктүн, кайрымдуулуктун, кечиримдүүлүктүн мезгили — Рамазан айынын ийгиликтүү аякташы менен да элди куттуктап өткөн.
"Ыйык Орозо айындагы кайрымдуулук иштериңиздер жана изги ниет менен кармаган орозоңуздар кабыл болсун! Ислам — сабырдуулуктун жана кечиримдүүлүктүн дини. Анын баалуулуктары улуттук каада-салт менен айкалышып, элибиздин руханий өнүгүүсүндө маанилүү орунду ээлейт. Мусулманчылык туура жолго салып, жакшы иштер менен сооп табууга, күнүмдүк турмушта акылмандыктын, айкөлдүктүн жана токтоолуктун үлгүсү менен жашоого үндөйт", — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.
Жапаров Кыргызстанга береке, тынчтык жана өнүгүү, элге сабырдуулук, биримдик, бейпилдик тилеген.
"Аруу тилектерибиз, асыл ой-максаттарыбыз ишке ашсын. Бүтүндөй Кыргызстан элине, ар бир үй-бүлөгө чың ден соолук, бакыт, тынччылык жана бакубат жашоо каалайм. Айтыңыздар маарек болсун!" — деди Жапаров.
 Бишкекте эски аянтта Айт намазы окулуп, ага президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров келди. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2023
Бишкекте Айт намаз окулду. Ага президент менен өкмөт башчы катышты
Жаңылыктар түрмөгү
0