1-майга карата аба ырайы

Ысык-көл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2023
Жазылуу
1-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө жана Таласта +23...+28, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +25...+30, Ысык-Көлдө +14...+19 жана Нарында +15...+20 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +25...+27 жана Ош шаарында +27...+29 градусту көрсөтөт.
Бишкектин Ала-Тоо аянтында селфиге түшкөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2023
Күн ысыйбы? Келе жаткан аптага карата Кыргызстандагы аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0