Ар бириңерге ыраазычылык айтам. С. Жапаров элди Эмгек майрамы менен куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт
Президент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-Май — Эмгек майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
Куттуктоону төмөндө толугу менен беребиз:
"Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздерди бүгүнкү Эмгек майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!
1-Май салтка айланган элдик майрам катары майрамдалып келет. Элибиз эзелтен эле адал эмгек адам жашоосунун мазмуну экенин, тер төккөн мээнет менен гана ийгиликтер жараларын жана талыкпас эмгек гана руханий байлыкка жеткирерин белгилеп келген.

"Адамды акылга бай кылган – эмгек, төрт түлүктү шай кылган эмгек", "Окуу – бул эмгек, эмгекчил болсоң – алга барасың, эмгексиз болсоң – артта каласың" деген нарк билги кыргыз элинин накыл кептери биздин жаштарга жана өсүп келе жаткан жаш муунга насаат болууга тийиш! Бүгүнкү күндө Кыргызстандын өсүп-өнүгүшү жана элибиздин бакубат жашоосу үчүн күч-аракетин, билимин, тажрыйбасын аябай, түз ниети менен иштеп келе жаткан чыныгы кесипкөйлөр менен эмгек жамааттары сый-урматка татыктуу. Анткени өсүп келе жаткан жаш муун алардан өрнөк алып, мекенчилдик сезимге тунуп, эмгекти сүйүүсү, билимге умтулуусу аркылуу эгемендүү мамлекетибиздин келечегин түзүүчүлөргө айланат.

Урматтуу мекендештер! Мезгил алдыбызга кандай гана милдеттерди койбосун, кандай гана кыйынчылыктарга туш болбойлу, арыбаган-талыбаган эмгек менен Кыргызстандын келечегин түптөп жаткан ар бириңиздерге ыраазычылык билдирем.
Ар бир күнү жылга тете жаз маалындагы бүгүнкү майрам күнү баарыңыздарга чың ден соолук, кажыбас кайрат, бекем эрк жана кылган мээнеттин акыбети кайткан ийгиликтерди каалайм!"
Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2023
Бишкек шаарына 145 жыл толду. Садыр Жапаровдун куттуктоосу
Жаңылыктар түрмөгү
0