Жайдын башында Кыргызстанда аба ырайы кандай болот

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкекте жамгыр жаган учурда кол чатыр менен кыз
Бишкекте жамгыр жаган учурда кол чатыр менен кыз - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2023
Жазылуу
Синоптиктердин божомолуна караганда, апта бою айрым жерлерде өткөн өтүп турат.
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада Кыргызстан боюнча аба ырайы кандай болорун айтты.
Чүй облусу
4-июндан 10-июнга чейин тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бирок өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-7-июнь күндөрү секундасына 15-20 метрге жетет.
Талас облусу
4-июнда дыйканчылык аймактар жаан-чачынсыз болот. Ал эми 5-6-июнда айрым жерлерде өткүн өтүп, бийик тоолуу райондорго кар түшөт.
7-8-июнда күн ачык болуп, 9-10-июнда күндүз айрым жерлерде өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-7-июнь күндөрү секундасына 15-20 метрге жетет.
Ош облусу
4-5-7-8-9-10-июнда өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Болгону 6-июнда айрым жерлерде өткүн өтүп, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-6-июнь күндөрү секундасына 15-20 метрге жетет.
Жалал-Абад облусу
Апта бою өрөөндөрдө күн ачык болот. Анткен менен тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-6-июнь күндөрү секундасына 15-20 метрге жетет.
Баткен облусу
Бүгүн, 4-июнда, айрым жерлерде өткүн өтөт. Андан соң аптанын аягына чейин дыйканчалык аймактарда жамгыр жаабайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-6-июнь күндөрү секундасына 15-20 метрге жетет.
Ысык-Көл, Нарын облустары
Эки облуста тең апта жаанчыл болору божомолдонууда. Анткени күн сайын айрым жерлерде өткүн өтүп турат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-6-июнь күндөрү секундасына 15-20 метрге жетет.
Кол кармашып турган түгөй. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2023
Санэпид: Кыргызстанда жугуштуу оорулар, өзгөчө сифилис арбып жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0