"Урааным — Манас" сынагынын жыйынтыгы чыкты. Баш байгени Кадамжай алды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын желеги жана Манастын айкели. Архив
Кыргызстандын желеги жана Манастын айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2023
Жазылуу
Иш-чарага жалпысынан 160 миң окуучу катышкан.
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Жалпы республика боюнча өткөн "Урааным — Манас" кароо-сынагынын жыйынтыгы чыкканын иш-чараны демилгелеп өткөргөн "Манас" театрынын директорунун орун басары, манасчы Нурбек Талантбеков билдирди.
Долбоор 1-майда башталган. Эки жуманын ичинде ага өлкө боюнча 160 миң окуучу катышканы айтылды.
"Эки апта 44 район менен 32 шаарды кыдырып, окуучулардын чогулуп манас айтканына күбө болдук. Натыйжада баш байге Кадамжай районуна ыйгарылды. Биринчи орунду Бишкек шаарынын Ленин району алса, экинчини Ак-Суу, Тогуз-Торо райондору ээледи. Ал эми үчүнчү орун Ноокен, Алай, Нарын райондоруна ыйгарылды", — деди Талантбеков.
Ал атайын сыйлык менен Лейлек, Сокулук райондору жана Талас шаары сыйланганын кошумчалады. Манасчы иш-чараны салтка айлантып жыл сайын өткөрүү пландалып жатканын белгиледи.
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 15-июнь күнү Тарых музейинде өтмөкчү.
Манас эпосунун басылмалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2023
Манасчы: кыргыз тилчи тажик улутундагы эжейлер Манасты талашып окутуп жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0