Небензя БУУну Буча менен "Түндүк агымдагы" катаны кайталабоого чакырды

© AP Photo / John MinchilloРоссиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя. Архив
Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2023
Жазылуу
Кечээ түнү украин армиясы Каховка ГЭСинин жогорку бөлүгүн "Ольха" залптык оттун реактивдүү тутуму менен аткылаган, натыйжада тээктер жабыркап, бирок дамбанын өзү аман калган.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюму Каховка ГЭСинин жардырылышын иликтөөдө Украина чагымчылык кылган Буча жана "Түндүк агым" түтүктөрүнүн жардырылышын иликтегендей ката кетирбеши керек. Бул тууралуу Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя айтканын РИА Новости жазды.
"Биз Буча же "Түндүк агым" сыяктуу бир нече окуялар боюнча иликтөө жүргүзүүнү каалаганбыз, бирок ал ишке ашкан жок. Бул сапар андай көрүнүш кайталанбашы керек", — деп айткан Небензя БУУнун Каховка ГЭСи боюнча өткөргөн отурумунун алдында журналисттерге.
Ал аталган эл аралык уюмдун ката кетирбеши керектигин билдирген.
"Бучадагы же "Түндүк агым" окуяларындагыдай болуп Бириккен Улуттар Уюмунун ката кетиришин каалабайбыз", — деп белгилеген Небензя.
Каховка ГЭСи — Днепрдеги гидроэлектр станцияларынын каскадындагы алтынчы тепкич, Херсондогу Жаңы Каховка шаарынан беш чакырым аралыкта жайгашкан. Анын кыйроосу миңдеген адамдын өлүмүн шарттайт.
Кечээ түнү украин армиясы Каховка ГЭСинин жогорку бөлүгүн "Ольха" залптык оттун реактивдүү тутуму менен аткылаган, натыйжада тээктер жабыркап, бирок дамбанын өзү аман калган.
Россия буга чейин БУУнун Коопсуздук кеңешине украин аскерлеринин ГЭСти аткылоо боюнча чагымчыл аракеттерин токтотууну талап кылып, кат менен кайрылган.
Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Шойгу Киев режими Каховка ГЭСин эмнеге жардырганын айтып берди
Жаңылыктар түрмөгү
0