10-июнга карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкекте жамгыр жааганда жолду өтүп бараткан кыз. Архив
Бишкекте жамгыр жааганда жолду өтүп бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2023
Жазылуу
10-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Ишембиде күндүз өлкөнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +31...+36, Таласта +29...+34, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +33...+38, Ысык-Көлдө +25...+30 жана Нарында +26...+31 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +33...+35, Чолпон-Атада +25...+27 жана Ош шаарында +36...+38 градусту көрсөтөт.
Отургучта отурган кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2023
Эртеңден баштап өлкөнүн түндүк региондорунда күндүн табы кайтат
Жаңылыктар түрмөгү
0