Кыргызстандын экономикасы жыл башынан бери 3,4%га өстү

© Sputnik / Жоомарт УраимовСом монеталары КР желегин фонунда. Иллюстративдик сүрөт
Сом монеталары КР желегин фонунда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2023
Жазылуу
Оң тенденциялар курулушта, айыл чарбасында, дүң жана чекене соодада байкалган.
БИШКЕК, 11-июн — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында ИДПнын көлөмү 355 миллиард сомго жакындап, 2022-жылдын беш айына салыштырмалуу 3,4 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.
2023-жылы өнөр жай продукцияларынын көлөмү 165 миллиард сомдон ашып, 2022-жылдын январь-майына салыштырмалуу 1,2 пайызга өскөн.
Оң тенденциялар курулушта (4,6 пайыз), айыл чарбасында (2,4 пайыз), дүң жана чекене соодада (15,4 пайыз) байкалган.
Ушул жылдын беш айында керектөө баалары жана тарифтери жалпы республика боюнча мурунку жылдын декабрына салыштырганда 4,3 пайызга өстү.
Кыргызстандын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү январь-апрель айларында 3,9 миллиард долларды түзүп, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25,5 пайызга көбөйгөн.
Кийим тигуу фабрикасынын жумушчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2023
“Кыргызстанда жасалган” бренди таанымал экени — сыймык! Жапаровдун куттуктоосу
Жаңылыктар түрмөгү
0