ВЭБ жетекчиси: юань глобалдык резервдик валюта болуп калды

© Sputnik / Владимир ФедоренкоАкча. Архив
Акча. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2023
Жазылуу
Петербургда эл аралык экономикалык форум 14-июнда башталды.
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Дүйнө долларга болгон көз карандылыктан тездик менен арылууда. Глобалдык резервдик валютанын ордун юань басты. Бул тууралуу ВЭБдин (мурдагы Внешэкономбанк) төрагасы Игорь Шувалов Петербургдагы эл аралык экономикалык форумда билдиргенин РИА Новости жазды.
"Эми юань — бул глобалдык резервдик валюта. Муну жашыруу мүмкүн эмес", — деди ал.
ВЭБ жетекчисинин айтымында, дүйнөнү доллар көз карандылыгынан арылтуу боюнча иштер улана берет.
"Америка Кошмо Штаттары менен жакшы мамиледеги мамлекеттер дагы экономикалык жана финансылык каршылашууну көрүп, өз коопсуздугу үчүн SWIFT системасынан башка дагы системалардын өнүгүшүн колдошот", — деди төрага.
Шувалов ВЭБ эл аралык эсептешүүлөрдө доллардан баш тартып, юань менен достук мамиледеги өлкөлөрдүн валюталарын колдонуп жатканын кошумчалады. Бирок ал өнөктөштөрүн "оңтойсуз" абалда калтырбаш үчүн кайсы мамлекеттер экенин тактаган жок.
Петербургда эл аралык экономикалык форум 14-17-июнь аралыгында өтүүдө.
Газпромбанк вывескасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2023
"Газпромбанк" КР жана РФ компанияларына 500 млн. долларлык насыялык линия ачты
Жаңылыктар түрмөгү
0