Путин: биз бекеринен макроэкономикалык туруктуулукка умтулган жокпуз

© Sputnik / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2023
Жазылуу
Президент Россияда реалдуу сектор өнүгүп жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Россия жөн жерден макроэкономикалык туруктуулукка умтулган жок. Бул тууралуу президент Владимир Путин билдирди.
Ал Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышууда.
"Мамлекеттик финансы жалпы жонунан тең салмактуу. Мунайдан башка киреше 9,1 пайызга өстү. Бул реалдуу сектор өнүгүп жатканын көрсөтүүдө. Финансылык мүмкүнчүлүктөр жакырчылык менен теңсиздикти кыскартууга шарт түздү. Биз аз камсыз жарандарга даректүү колдоо көрсөтүп жатабыз. Эгер алардын кирешесин карай турган болсок, 25 пайызга өсүп, жакырчылыктын деңгээли 9,8 пайызды түздү. Алардын кирешеси дагы деле төмөн, бирок эң башкысы — бул тенденция", — деди президент.
Бийлик жеке демилгелерди өнүктүрүүгө басым жасайт. Путин өткөн жылы айрымдар Россия командалык-административдик экономикага кайтат деп болжогонун, бирок андай болбогонун эске салды.
РКӨФ менен Газпромбанк маанилүү документке кол койду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2023
РКӨФ менен Газпромбанк маанилүү документке кол койду. Ал эмне берет?
Жаңылыктар түрмөгү
0