23-июнга карата аба ырайы

© Фото / Pexels/ Karl GerberЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2023
Жазылуу
23-июнда түнкүсүн республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Жума күнү күндүз абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү ыктымал. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +30…+35, Талас облусунда +28…+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +31…+36, Ысык-Көл жеринде +24…+29, Нарын өрөөнүндө +23…+28 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкекте +32…+34, Ош калаасында +34…+36, Чолпон-Атада +24…+26 градус ысыйт.
Кол чатыр көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2023
Айрым жерлерде жаанчыл болот. Өлкөдөгү бир апталык аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0