Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

"Бир айга жетери күмөн". НАТОдогулар Киевге жакпаган чындыкты ачыктады

© AP Photo / Matt RourkeСнаряддар. Архив
Снаряддар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2023
Жазылуу
Түндүк атлантикалык альянс өз өнөр жайынын чабалдыгын расмий түрдө тастыктады. НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Киевди жабдуунун айынан аскердик блоктун ок-дары жана курал кампасы бош калганын моюнга алды.
Украинаны колдоо дагы кандай көйгөйлөрдү ачыкка чыгарарын Андрей Коц РИА Новости сайтына жарыяланган материалында болжоп көргөн.

Үч-төрт күн

Брюсселдегилер бул куралдуу жаңжал мынчалык интенсивдүү болорун болжобогону айдан ачык. Согуштук аракеттер позициялык мүнөзгө өттү. Биринчи дүйнөлүк согуштагыдай эле артиллериялык залптын салмагы чечүүчү фактор болуп калды. Ошол себептен блок Украина Куралдуу күчтөрүнө ок-дарыны болушунча жөнөтүп, натыйжада Донбасстын шаарлары аткыланды.
Der Spiegel жакында эле Германия коргоо министри Борис Писториустун билдирүүсүн жарыялады. Ал бундесверде НАТОдогу негизги деп эсептелген 155 миллиметрлик калибрдеги снаряддан болгону 20 миң чакты калганын моюнга алды. Украиналык армияга бул үч-төрт суткага араң жетет.
Альянста ФРГ армиясы күчү жагынан формалдуу түрдө АКШ менен Түркиядан кийинки сапта турат. Кошмо Штаттардан бөлөк донор өлкөлөрдө кырдаал анчейин деле айырмаланбайт.
Коргоо министри бийликти жапырт сатып алууну каржылоону жана 230 миң ок-дарыны топтоп алууга чакырды. Бул көлөм көп деле эмес, салгылашта ашып кетсе бир айга жетет. Бирок Берлиндегилердин эсебинде анчалык көлөмдө ок-дары кору 2031-жылы гана топтолору ырас. Ошентип Германия жана башка европалык өлкөлөрдүн коргоо өнөр жайы негизги ок-дары – артиллериялык дүрмөттөрдү толуктоого даяр эмес болуп чыкты.

Амалкөй саясат

Арсеналдардын басымдуу бөлүгү Кошмо Штаттарда гана бар. Алардын Түштүк Корея жана Израилде "каткан ок-дарысына" эч ким тие элек. Вашингтонго мындай кырдаал жага бербей калат.
"НАТОдо саммит өткөн сайын европалык лидерлерге "коргонуу чыгымдарын арттыруу" боюнча Вашингтондон ачык кайрылуусу келет. Дал америкалык курал сатып алып жатканын ар биринен тактаңыз", — деп жазат Politico басылмасы. Ошондуктан америкалыктар активдүү түрдө европалык өнөр жай кубаттуулугун өздөрүнө тартып, ок-дары өндүрүшүн өстүрүүдө.
Ушул күздө ай сайын 20 миң, ал эми 2025-жылы 40 миңге чейин чыгарууга ниеттенип жатышат. Украиналык жаңжал үчүн аз, бирок аскердик блоктогу "агрессивдүү Россиядан" чочулаган союздаштары жанталашып сатып алуусуна жетишерлик. Ушундай эле айла-амал куралдын бөлөк түрлөрү боюнча да жасалчудай... Маселен, Европа биримдигине мүчө-өлкөлөргө Киевге берилген "Леопарддардын" (150дөн ашуун) ордун "Абрамстар" менен толуктоого кеңеш берүүдө. Негизинен Европа деле буга каршы эмес. Былтыр күздө Германиянын канцлери Олаф Шольц "Көктөгү европалык калкан" демилгесин көтөрүп, аба чабуулунан коргонуунун бирдиктүү тутумун түзүүнү, союздаштарынын баарына америкалык Patriot зениттик-ракеталык комплекстерин сатып алууну сунуштаган.

Эскилерден арылуу

НАТОдогулар бөлөк көйгөйлөргө да тушукту. Киевге берилген батыш куралдарына 800 миллион доллар сарпталган. The New York Times басылмасынын эки булагы буюртмалардын бир бөлүгү аткарылбай, каражаттары кайтарылганын маалымдаган. Натыйжада жазында жүз миллиондогон долларлык келишимдер көктөмгө дейре чечилбей калары бышык. Мындан сырткары, жабдуулар сапатсыз болуп чыккан. Батыштан келген аскер техникалары же бузук, же тетиктерге гана жарай тургандай абалда эле.
Эксперттердин айтымында, ремонттук базаларда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн курал-жарагынын 30 пайызга чукулу ремонттук базаларда турат. Ошентсе да Киевдегилер батыштык өнөктөштөрүн сындоодон карманууда. Маселен, америкалык Ultra Defense Corporation компаниясына гаубицаларды оңдоого 19,8 миллион доллар төлөшкөн. Бирок алар "согуштук миссиялар үчүн жараксыз" абалда кайтарышты.
НАТО өлкөлөрү Киев аркылуу эски, кампаларда жаткан жана жок кылуунун өзү эле кымбатка түшө турган бирдиктеринен арылууну көздөшкөнүн азыр жашырбай деле калышты. Бирок Брюсселдегилер жаңжалдын мындай масштабын күтпөгөнү даана байкалат. Ал улам узарган сайын Европа биримдигинин коргонуу жөндөмү азайып, АКШдан аскердик көз карандылыгы күч алары турган иш. Вашинтондогулар согуштук аракеттерди улантууну талап кылып жатканы да тегин жерден эместир...
Украинанын аскер кызматкерлери Харьков облусунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш Украинанын негизги тилегин орундатам деп Путиндин тузагына түштү
Жаңылыктар түрмөгү
0