Эми таштанды челектин жанына токтогон автоунааны эвакуатор жүктөп кетет

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАвтоунааны эвакуациялоо. Архив
Автоунааны эвакуациялоо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасына өзүнчө эвакуатордук бригада бекитилди. Бул тууралуу ишкананын жетекчиси Рамиз Алиев билдирди.
Эми таштанды челектердин жанына токтотулган автоунаалар айып короого киргизилип, айдоочусуна айып пул салынат. "Тазалыктын" кызматкерлери эвакуатордук бригадага автоунаа жолтоо болуп жаткан даректерди жөнөтүп турат.
Алиев Бишкек Кайгуул милиция башкармалыгынын жетекчиси Авазбек Досовго көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Таштанды ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2023
"Тазалыктын" башчысы Октябрь районун таштандыдан тазалоого 10 күн убакыт сурады
Жаңылыктар түрмөгү
0