Садыр Жапаров бул ирет Курман айт намазын Чолпон-Атада окуду. Видео

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСадыр Жапаров бул ирет Курман айт намазын Чолпон-Атада окуду
Садыр Жапаров бул ирет Курман айт намазын Чолпон-Атада окуду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2023
Жазылуу
Мамлекет башчы мечитке келгендер менен чогуу айт намазын окуган.
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы мечитте Курман айт намазын окуду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет башчы мечитке келгендер менен чогуу айт намазын окуган.
Президент өз куттуктоосунда элдин биримдигин бекемдөөгө себепчи болгон бул майрам мусулмандардын руханий казынасында өзгөчө орунду ээлей турганын айткан.
Ал эми Бишкекте Курман айт намазы салтка айлангандай эле Турдакун Усубалиев атындагы аянтта окулду. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров жана ЖК депутаттары катышты.
Таң эрте тилек айтып, ниет кылып... Бишкектеги Курман айт намазынын видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2023
Таң эрте тилек айтып, ниет кылып... Бишкектеги Курман айт намазынын видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0