Айтматовдун 95 жылдыгын өткөрүп, 100 жылдыгына даярдык көрчү комитет түзүлдү

© Sputnik / Э. Вильчинский / Медиабанкка өтүүАлп жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архивдик сүрөт
Алп жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2023
Жазылуу
Айтматов 1928-жылы 12-декабрда туулуп, 2008-жылы 10-июнда дүйнөдөн өткөн.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына даярдык көрүү, 95 жылдыгына байланыштуу иш-чараларды өткөрүү боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тарабынан уюштуруу комитети түзүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Эми уюштуруу комитети мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыгып, бекитиши керек.
Комитеттин ишин уюштуруу, усулдук жана башка жактан камсыздоо аталган министрликке жүктөлдү. Ал эми курамы төмөнкүчө:
министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык блокту тейлеген орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасы;
маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
уюштуруу комитетинин мүчөлөрү;
билим берүү жана илим министри;
тышкы иштер министри;
финансы министри;
санариптик өнүктүрүү министри;
маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары;
Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору;
президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы;
Бишкек шаарынын мэри;
Ош шаарынын мэри;
президенттин 7 облустагы өкүлдөрү;
Президенттик администрациянын саясатты иштеп чыгуу, реформаларды мониторингдөө жана талдоо бөлүмүнүн башчысы;
Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору;
"ЭлТР"мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору;
Кыргызстан элинин ассамблея кеңешинин төрагасы.
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 1959-жылдан тартып КПССтин ардактуу мүчөсү болгон, 1974-жылы Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, 1978-жылы Социалисттик Эмгектин Баатыры ардактуу наамдары менен сыйланган. Ал 1928-жылы 12-декабрда туулуп, 2008-жылы 10-июнда дүйнөдөн өткөн.
Алп жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2023
Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгын алууга ат салышыңыз. Шарттары
Жаңылыктар түрмөгү
0