Олимпиада-2024 алдында күрөш боюнча лицензиялык турнирлердин бири Бишкекте өтөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКүрөш боюнча турнир Бишкекте. Архивдик сүрөт
Күрөш боюнча турнир Бишкекте. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2023
Жазылуу
Олимпиадага тандоо турлары Бишкекте, Акапулькодо, Бакуда, Каирде жана Стамбулда болмокчу.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Бишкек шаарында күрөш боюнча лицензиялык континенталдык турнирлердин бири өтүп, анын жеңүүчүлөрү 2024-жылы Парижде болчу жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алышат. Бул туурасында Бириккен күрөш дүйнөсүнөн билдиришти.
Жайкы Олимпиада оюндарына тандалуучу турнирлер:
Азия — Бишкек (Кыргызстан);
Европа — Баку (Азербайжан);
Панамерикалык турнир — Акапулько (Мексика);
Африка жана Океания — Каир (Египет).
Ар бир турнирде 36дан квота ойнотулат. Мындан сырткары, дагы 54 лицензия Стамбулдагы дүйнөлүк турнирде өзүнүн ээсин табат.
Белгилей кетсек, Париж Олимпиадасына алгачкы жолдомолор сентябрда Белград калаасында өтө турган күрөш боюнча дүйнө чемпионатында ойнотулат.
Рафтинг боюнча мелдештер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2023
Экстремалдуу спортту сүйгөн кыргызстандыктар Россиядагы форумга чакыруу алды
Жаңылыктар түрмөгү
0