Россия инфекциялык ооруларды изилдеген борбор курат. ЖК макулдашууну жактырды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүИнфекциялык ооруларды изилдеген лаборатория. Архивдик сүрөт
Инфекциялык ооруларды изилдеген лаборатория. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2023
Жазылуу
Борбор ачылгандан кийин жергиликтүү инфекционисттер өз алдынча болуп калышат.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеш Кыргызстанда инфекциялык ооруларды изилдөөчү илимий борбордун курулушу жана иштеши боюнча Россия менен болгон макулдашуунун ратификациясын жактырды.
Буга чейин Өзгөчө кооптуу жана карантиндик инфекциялар боюнча республикалык борбордун жетекчисинин орун басары Нурболот Үсөнбаев макулдашуу боюнча курулушту Россия жүргүзөрүн билдирген. Объект кыргызстандык медиктердин сурамы менен аталган борбордун базасында салынат. Россия тарап жергиликтүү адистерди окутуудан өткөрүп, имаратты салган соң аны Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин балансына өткөрүп берет.
"Кооптуу инфекциялар жер тандабайт. Баарыбыз биргеликте болуп, аймактарыбызды сакташыбыз керек", — деген Үсөнбаев.
Кыргызстанда аталган борбор ачылса коронавирус штаммын ошол жерден аныктоого болот. Буга чейин алынган анализдин үлгүлөрү Россия, Германия жана Улуу Британияга жөнөтүлчү.
Медайым баланы кызылчага жана башка инфекцияларга каршы эмдейт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2023
Бишкекте эпидемиологиялык кырдаал курчуп, ооруканага кайрылгандар көбөйдү
Жаңылыктар түрмөгү
0