Кыргызстан Индиядан 200 млн. доллар кредит алары күтүлүүдө

© AFP / BRENDAN SMIALOWSKIАКШ доллларлары. Архив
АКШ доллларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2023
Жазылуу
Тез таасир берүүчү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн гранттык жардам берилери да каралууда.
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Кыргызстан Индиянын Экспорттук-импорттук банкынан 200 миллион доллар кредит алары күтүлүүдө. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кыргыз делегациясы Нью-Дели шаарына барып аталган банктын жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен консультацияларды жүргүзүшкөн.
"Эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, кыргыз жана индия өкмөттөрүнүн ортосундагы долбоорлор талкууланды. Анын ичинде Индиянын Экспорттук-импорттук банкынан 200 миллион доллар өлчөмүндө күтүлүп жаткан кредиттик линия жана тез таасир берүүчү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн гранттык жардам боюнча пикир алмашуу болду", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, инвестиция, медицина жана билим берүү тармагындагы өз ара кызматташууга, соода-экономикалык багыттагы маселелерге өзгөчө көңүл бурулган.
Өз кезегинде Индия тарап эки тараптуу мамилелердин деңгээлин жогору баалап, Кыргызстанда түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын билдирген.
Батирлердин ачкычтары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2023
Кыргызстан Сауд фондунан үй салууга 100 млн. доллар кредит алат
Жаңылыктар түрмөгү
0