Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Олжолонгон M2 Bradley: ДЭРден тартылган видео

© Фото / U.S. Army / Spc. Zachary BouvierАмерикалык M2 Bradley согуштук техникасы. Архив
Америкалык M2 Bradley согуштук техникасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Россиялык аскерлер америкалык M2 Bradley согуштук техникасын олжолоп алды. Бул тууралуу Sputnik Ближнее зарубежье Тelegram-каналы кабарлап, видеолорун жарыялады.
Кадрдан кең талааны жана токтоп турган танканы көрүүгө болот. Анын ДЭРдин түндүк жагында Краснолиманск багытындагы кармашта алынганы кабарланды.
Сооттолгон бул техника анча деле талкаланбаса да жүрө албай калган. Жоокерлер аны МТ-ЛБ менен сүйрөтүп кете турганын айтышты.
Буга чейин да Тынч океан флотунун деңиз аскерлеринин 40-бригадасынын жоокерлери Түштүк-Донецк багытында украиналык Куралдуу күчтөргө тиешелүү сооттолгон америкалык Oshkosh автоунаасын колго түшүргөн.
Буга чейин да Россиянын "Восток" тобундагы аскерлери атайын операция жүрүп жаткан жерлердин эки багытында Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн сооттолгон 50 техникасын талкалап, иштен чыгарган.
Ланцет-3 камикадзе-дрону. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Ланцет-3" Украинадагы чет элдик зениттик-ракеталык комплексти талкалады
Жаңылыктар түрмөгү
0