Президент кыргыз, казак жолчуларынын жемкорлугу тууралуу анекдот айтты. Видео

Президент Садыр Жапаров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2023
Жазылуу
Жапаров анекдот жөн жерден келип чыкпаганын айтып, жолчуларды коррупциядан оолак болууга чакырды.
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Казакстандын жол куруучуларынын жемкорлугу тууралуу анекдот айтты. Ал бүгүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жаңы алынган техникаларды тапшырып жатып сүйлөгөн.
Мамлекет башчы бул анекдот жолчуларга жана алардын башчыларына тиешелүү экенин белгиледи.
"Кыргыз менен казак дос болуп Москвада жол тармагы боюнча университетти бүтүрүп келишет. Бир жыл өтпөй казак кыргыз досун чай берип коёюн деп чакырат экен. Барса, эки кабат үй, S-классындагы Mercedes-Benz 600дү алган, жашоосу укмуш экен. Анан таң калып "былтыр эле экөөбүз студент элек, кантип мынчалык байып кеттиң, мага бир сырын айтпайсыңбы" деп сураса, аны Алматынын жээгине алып чыгып "бул жолду көрдүңбү, ушуну мен салдым. Чекесинен 5 сантиметр, калыңдыгынан 1 сантиметр азайтып койдум. Анан ушинтип байып калдым" дейт. Анан кыргыз үч айдан кийин аны үйүнө чайга чакырат. Келсе, ал казак досунан эки эсе байып кетиптир. Үч кабат үй, дача, Gelandewagen автоунаасын айдап калган. Үч ай мурда эле бир бөлмөлүү батирде жашачу эмес белең десе, Кара-Балтага чейинки жолду көрсөтүп, "ушул жерге жол түшүшү керек эле, мен салбай койдум" дептир", — деп айтып берди президент.
Жапаров мындай анекдот жөн жерден келип чыкпаганын айтып, жолчуларды коррупциядан оолак болууга чакырды.
Президент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2023
Жапаров: кыргыздар өлгүдөй жалкообуз, Ак үйдү курууга Дубайдан жумушчулар келди
Жаңылыктар түрмөгү
0