Ысык-Көлдүн түбүнөн 10,5 тонна таштанды, 97 миң метр тор чыгарылды

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOЫсык-Көлдүн түбүн таштандыдан тазалоо. Архивдик сүрөт
Ысык-Көлдүн түбүн таштандыдан тазалоо. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2023
Жазылуу
Суунун астынан таштандыларды чыгаруу иштери дагы да уланууда.
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Дээрлик төрт айдын аралыгында Ысык-Көлдүн түбүнөн 10 тоннадан ашуун таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ӨКМдин суучулдары көлдү тазалоону дагы деле улантып жатат. Азыркы тапта Чолпон-Ата шаарындагы, Кара-Ой айылындагы муниципалдык жана жеке менчик эс алуу жайларына караган көл түбү тазаланууда. Тагыраагы, "Ак-Бермет", "Рахат", "Алтын-Көл", "Элинг", "Евразия" ден соолукту чыңдоо жайларынын жана "Мөлтүр" кемеси токтоочу суунун түбү таштандыдан арылган.
17-июлга карата Ысык-Көлдүн 215 миң гектарга жакын аянты тазаланып, суунун астынан 97,6 миң метр балык уулоочу тор, 10,4 тоона таштанды чыгарылганы айтылды.
Работы по очистке озера Иссык-Куль  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2023
Жапаров суучулдарга Ысык-Көлдү тазалоого жардам берди. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0