Путин БРИКС саммитине катышпайт

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2023
Жазылуу
Саммит 22-24-август күндөрү Йоханнесбургда өтөт.
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Йоханнесбургда өтө турган БРИКС саммитине барбайт. Ага Россия мамлекетинин атынан ТИМ жетекчиси Сергей Лавров катышат. Бул тууралуу РИА Новости Түштүк Африка Республикасынын президентинин кеңсесине шилтеме берип жазды.
"Эки тараптын макулдугу менен Путин саммитке катышпайт. Россиянын атынан тышкы иштер министри Сергей Лавров барат", — деп айтылат маалыматта.
Саммит 22-24-августта өтөт. Иш-чарага Түштүк Африка Республикасынын президентинен тышкары Кытай, Бразилия жана Индиянын лидерлери катышат.
Украинадан дан жүктөрү менен келе жаткан Барбадос желеги астында Стамбул портунда Норд Винд кемеси текшерилүүдө. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2023
Опузалоодон майнап чыкпайт. Эгин келишиминин тегерегиндеги жагдайга сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0