Динара Кутманованын уулун Түркияга уурдап кетти деп айтканын ИИМ жокко чыгарды

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевЖаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин мурдагы башчысы Динара Кутманова. Архивдик сүрөт
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин мурдагы башчысы Динара Кутманова. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2023
Жазылуу
ИИМдин маалыматына караганда, Кутманованын баласы ар кыл мамлекеттердин шаарларында өтө көп эмес убакыттан жашап турган. Соңку барган жери Стамбул калаасы болгон. Азыр аны депортациялоо маселеси каралууда.
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Кыргызстандын ИИМи жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин мурдагы башчысы Динара Кутманованын уулунун Түркияда уурдалды деген маалыматы тастыкталбагандыгын билдирди.
Буга чейин Кутманова ЖМКларга 35 жаштагы уулун уурдап кеткен белгисиз адамдар 600 миң доллар талап кылганын айткан. ИИМден милицияга бул боюнча 63 жаштагы К. С. (кыязы, анын атасы Сапарбек Кутманов) аттуу адам кайрылганын билдирди.
ИИМ иликтеген жагдайлар:
К. К. (Кемел Кутманов) 29-майда Казакстанга кирип, Алматыдан Вьетнамга учуп кеткен. 13-июнда Алматыга келип, кайра Москвага учкан;
Кутманов Россиянын борборуна 14-июнда келип, Москва — Цюрих — Дубай каттамы менен учуп кеткен, ал жактан беш күндөн соң кайра Москвага келген. Ошол эле күнү Стамбулга жөнөгөн;
ИИМ ал 10-июлда өзүнүн уурдалганы боюнча Түркиянын полициясына кайрылганын билдирди. Аталган мамлекеттин тартип сакчылары бул маалыматты тастыктаган.
Кыргызстандын ИИМинен экологиялык фонддогу коррупциялык иштер боюнча кылмыш иши козголгондугун, 13-июнда Кутмановдун жакын досу кармалганын билдирди. Министрлик К. К. Вьетнамдын аба майданында жүргөндө эле жакын досунун УКМКнын убактылуу абак жайына киргизилгендигин билген.
27-июнда министр айымдын баласына эл аралык издөө жарыяланган, ал эми 11-июлда аны Түркиянын миграциялык кызматы кармаган. Учурда Кемел Кутмановду Кыргызстанга депортациялап, жоопкерчиликке тартуу маселеси каралууда.
Эске салсак, УКМК Динара Кутманованын өзү, уулу, уулунун досу, эжеси жана үй кызматчысы катышкан коррупциялык иш боюнча маалымат тараткан.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2023
Ташиев: экс-министр Кутманова 1 млрд. сомдук долбоорду туугандарына берип койгон
Жаңылыктар түрмөгү
0