Жалкоолук, уйку басуу... Нерв системасынын чарчагандагы беш белгиси

© Фото / Pexels/ SHVETS productionЧарчаган кыз диванда отуруп жатат. Иллюстративдик сүрөт
Чарчаган кыз диванда отуруп жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2023
Жазылуу
Мунун себеби — күнүмдүк кымгуут жашоо, негативдүү кабарлар, тынчсыздануу.
БИШКЕК, 22-июл. – Sputnik. Адамдын нерв системасында жипчелер менен нейрондор чындап эле чарчап-чаалыгып, кадимкидей начар иштеп калат. Бул тууралуу психотерапевт Анастасия Рубцовага шилтеме берип "Доктор Питер" басылмасы жазды.
"Мунун себеби — күнүмдүк кымгуут жашоо, негативдүү кабарлар, тынчсыздануу", — деди адис.
Ошондой эле ал нерв системасынын чарчагандагы беш белгисин санап берди:
Уйкудан адам эс ала албайт;
Киши канча уктаса дагы башы ооруп, маанайсыз, өзүн начар сезип ойгонот.
Тынчсыздануу
Баарын таштап салып басып кеткиң келет, бирок адам ал нерсени кыла албайт. Майда-чүйдө нерселердин баарына тынчсызданып, айлап-жылдап жашап жүрө берет.
Убакыттын тардыгы
Көпчүлүк учурда киши пландаган ишин бүтүрө албайт. Убакыт тар болуп жаткандай сезилет.
Жалкоолук
Эч нерсеге мойнубуз жар бербей, жалкоолонуп жаткандай болобуз. Чындыгында бул учурда мээ "эс алууга" аракет кылып жаткан болот.
Өзүн күнөөлүү сезүү
Адам иштин майын чыгарып жасай албаганы үчүн өзүн ар дайым күнөөлүү сезет. Бирок ал канчалык аракет кылбасын майнап чыкпайт. Анткени нерв системасы чарчаганда, образдуу айтканда, адам жарабай калган бут кийимге окшоп калат. Эс алуу керек.
Психолог Сейил Калдыбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2023
Радио
Психолог: эмоциясын көзөмөлдөй албагандар менен эч ким иштешкиси келбейт
Жаңылыктар түрмөгү
0