Беттин териси бузулуп, безетки чыгат. Дарыгер зыяндуу азыктарды атады

© Фото / Pexels / Andrea PiacquadioКыз күзгүдөн беттин терисин карап жатат. Иллюстративдик сүрөт
Кыз күзгүдөн беттин терисин карап жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2023
Жазылуу
Сүт азыктарын кабыл ала албаган адамдын терисинде да көйгөйлөр жаралары айтылды.
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Балансталбаган тамактануу жана зыяндуу адаттар беттин терисин бузат. Бул тууралуу дарыгер, пластикалык хирург Мадина Байрамукова айтканын "Известия" жазды.
Дарыгер курамында канты көп азыктар кандагы инсулинди көтөрүп, мунун айынан безетки чыгарын билдирди.
Ошондой эле айрымдар лактозаны көтөрө албайт. Ичеги-карынына дагы, терисине да жакпайт. Сүт азыктарын кабыл ала албаган адамдын терисинде көйгөйлөр жаралат.
Ал эми аллергиясы барлар жана териси назиктерге жасалма боёк кошулган азыктар менен консерванттар болбойт. Тери кычышып, сезгич болуп калат.
Адис беттин майлуу болушуна майлуу тамактар менен азыктар таасир этерин эскертти. Безеткинин чыгышына да майлуу тамактар, ошондой эле чипсы, газдалган суу, тез даярдалуучу тамактар себеп.
Дарыгер беттин терисин туура эмес тамактануудан сырткары ага кам көрбөй коюу, генетикалык факторлор, гормоналдык бузулуу жана айлана-чөйрө таасир этерин кошумчалады.
Бишкек шаарынын №9 Эне жана баланы коргоо боюнча бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Диляра Искакова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2023
Радио
Жаӊы төрөлгөн ымыркай эмне үчүн саргаят?
Жаңылыктар түрмөгү
0