Бишкектеги мектепке бомба коюлду деген "телефон террорчусу" кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКызматтык автоунаалардын жанында милиция кызматкерлери. Архив
Кызматтык автоунаалардын жанында милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2023
Жазылуу
Учурда шектүүнүн башка анонимдүү маалыматтарга тиешеси бар-жогу текшерилүүдө.
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Бишкектеги мектепке бомба коюлду деп жалган маалымат таратууга шектелип 9-класстын окуучусу А.А.А. кармалганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 28-29-март күндөрү борбор калаадагы гимназия-мектептин электрондук дарегине abelozerov5151@inbox.ru фейк аккаунтунан жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу кабар келип түшкөн. "Телефон террорчусу" окуу процессин үзгүлтүккө учуратуу максатын көздөгөн. Мындан улам видеооюндардын бири аркылуу жасалма чет элдик аккаунтту сатып алып, андан көрсөтүлгөн мектепке эки жолу анонимдүү билдирүү жөнөткөндүгү аныкталган.
Ал жашаган жеринде дароо ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, компьютердик техникалар жана уюлдук телефондор алынып, экспертизага жөнөтүлдү. Ата-энесинин катышуусунда жүргүзүлгөн суракта А.А.А. эки жолу жалган билдирүү жөнөткөнүн мойнуна алып, кылган ишине өкүнөөрүн айткан.
Учурда Бишкекте коюлган бомбалар тууралуу башка анонимдүү маалыматтарга анын тиешеси бар-жогу текшерилүүдө.
УКМК мындай аракеттер Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине ылайык, үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартуу же 50-100 миң сом айып салуу, болбосо беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралганын эскертти.
Белгилей кетсек, 28-март күнү Борбор калаанын 11-кичи районундагы №63 мектеп-гимназияга бомба коюлганы боюнча маалымат түшкөн. Мындан улам окуучулар эвакуацияланган. Адистер тинтип, бомба тапкан эмес.
Орто-Сай базарынын соодагерлеринен акча талап кылган деп депутат кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2023
"Орто-Сай" базарынын соодагерлеринен акча талап кылган деп депутат кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0