Оштогу колледждер. Тизме, окуу акысы, даректер

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүТехникалык колледждин студенттери автоунааны кароо учурунда. Архив
Техникалык колледждин студенттери автоунааны кароо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2023
Жазылуу
Ош шаары жана облусундагы колледждерди тизмелеп, алардын контракт акысы, адистиктер, кирүү экзамендери, дареги жана байланышы, тапшыруу үчүн кайсы документтер керектиги боюнча маалыматтарды топтодук.

Оштогу колледждер

Индустриялык-педагогикалык колледжи

кирүү экзамендери: математика, сүрөт тартуу, спорттук даярдык;
документтер тизмеси: билими тууралуу документ, паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, 3х4 өлчөмүндөгү алты сүрөт, катталгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
адистиктер: башталгыч класстарда окутуу, мектепке чейинки билим берүү, дене тарбия, эсептөө техникасынын каражаттарын, компьютердик түйүндөрдү техникалык тейлөө, социалдык патронаж, социалдык иш, дизайн, тигүү буюмдарын конструкциялоо жана моделдештирүү технологиясы;
контракттын өлчөмү: 17 000ден 25 000 сомго чейин, баалар өзгөрүшү мүмкүн, колледждин кабылдамасынан тактап алыңыз;
кимдер тапшыра алат: 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрү;
дареги: Г.Айтиев көчөсү, 4;
телефон номерлери: (0776) 12-20-12, (0552) 01-98-58, (0778) 97-97-22, (0555) 16-50-54.

Эл аралык билим берүү программалар колледжи

кирүү экзамендери: чет тили;
документтер тизмеси: билими тууралуу документ, паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, 3х4 өлчөмүндөгү алты сүрөт, катталгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
адистиктер: котормо иши, чет тили;
контракттын өлчөмү: 26 000ден 35 000 сомго чейин, баалар өзгөрүшү мүмкүн, колледждин кабылдамасынан тактап алыңыз;
кимдер тапшыра алат: 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрү;
дареги: Масалиев проспекти, 28;
телефон (0553) 75-03-19.

Ош айыл чарба техникуму

аңгемелешүү жүргүзүлөт;
документтер тизмеси: билими тууралуу документ, паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, 086/у формасындагы медициналык тастыктама, эмдөөлөр боюнча маалым кат, 3х4 өлчөмүндөгү алты сүрөт;
адистиктер: ветеринария, агрономия, айыл чарбаны электрлештирүү жана автоматташтыруу, айыл чарбанын механизациясы;
контракттын өлчөмү: бардык адистиктер бюджеттик;
кимдер тапшыра алат: 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрү;
дареги: Ленин көчөсү, 229;
телефон номерлери: (0550) 31-47-04, (0771) 40-99-19, (0552) 35-11-25.

STEM инновациялык колледжи

кирүү экзамендери: физика, астрономия, математика, география, биология (тандалган адистиктерге жараша экзамендер тапшырылат);
документтер тизмеси: билими тууралуу документ, паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, 3х4 өлчөмүндөгү алты сүрөт, катталгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
адистиктер: электр менен жабдуу (тармактар боюнча), автомобилдик транспортту техникалык тейлөө жана оңдоо, транспортту электр менен жабдуу жана автоматиканы эксплуатациялоо (суу багытынан башка транспорттун түрлөрү боюнча), туризм, прикладдык геодезия, монтаж, медициналык техниканы техникалык тейлөө жана ремонттоо, ветеринария;
контракттын өлчөмү: 18 000ден 21 000 сомго чейин, баалар өзгөрүшү мүмкүн, колледждин кабылдамасынан тактап алыңыз;
кимдер тапшыра алат: 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрү;
дареги: Ленин көчөсү, 422;
телефон номерлери: (0224) 01-01-09, (0776) 06-08-15.

Ж.Баласагын атындагы КУУнун колледжи

кирүү экзамендери: математика, Кыргызстандын тарыхы жана дүйнөлүк тарых, кыргыз/орус тилдери (тандалган адистиктерге жараша экзамендер тапшырылат);
документтер тизмеси: билими тууралуу документ, паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, 3х4 өлчөмүндөгү алты сүрөт, катталгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (өспүрүмдөр үчүн), 086/у маалым каты, жашаган жеринен тастыктама;
адистиктер: экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча), финансы (тармактар боюнча), эсеп техникасын жана автоматташтырылган системалардын программалык камсыздоосу, укук таануу, башталгыч класстарда окутуу, мектепке чейинки билим берүү;
контракттын өлчөмү: 16 000ден 19 000 сомго чейин, баалар өзгөрүшү мүмкүн, колледждин кабылдамасынан тактап алыңыз;
кимдер тапшыра алат: 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрү;
дареги: Р.Моминов көчөсү, 148;
телефон номерлери: (0772) 11-01-25, (0777) 59-06-36.

Ош медициналык колледжи

кирүү экзамендери: биология, химия;
документтер тизмеси: билими тууралуу документ, паспорттун көчүрмөсү, 086/у формасындагы медициналык тастыктама, 3х4 өлчөмүндөгү алты сүрөт, катталгандыгы тууралуу күбөлүк, кагаз тиркеле турган папка, конверт;
адистиктер: фармация, медайымдык иш, дарылоо иши, акушердик иш, лабораториялык диагностика, ортопедиялык стоматология, профилактикалык стоматология;
контракттын өлчөмү: 21 500дөн 32 500 сомго чейин, баалар өзгөрүшү мүмкүн, колледждин кабылдамасынан тактап алыңыз;
кимдер тапшыра алат: 11-класстардын бүтүрүүчүлөрү;
дареги: Исанов көчөсү, 77;
телефон номери: (0552) 99-51-99.

Финансы-юридикалык колледжи

кирүү экзамендери: математика, кыргыз тили;
документтер тизмеси: билими тууралуу документ, паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, 3х4 өлчөмүндөгү алты сүрөт, катталгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (өспүрүмдөр үчүн);
адистиктер: укук коргоо ишмердиги, экономика жана бухгалтердик эсеп, финансы, укук таануу, салык жана салык салуу, банк иши;
контракттын өлчөмү: 20 000ден 23 000 сомго чейин, баалар өзгөрүшү мүмкүн, колледждин кабылдамасынан тактап алыңыз;
кимдер тапшыра алат: 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрү;
дареги: Салиев көчөсү, 44;
телефон номерлери: (0555) 04-36-76, (0777) 72-33-28.

Өзгөн эл аралык медициналык колледжи

кирүү экзамендери: химия, биология;
документтер тизмеси: билими тууралуу документ, паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, 3х4 өлчөмүндөгү алты сүрөт, катталгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (өспүрүмдөр үчүн), ММК (милдеттүү медициналык камсыздандыруу);
адистиктер: акушердик иш, медайымдык иши, фармация, дарылоо иши, ортопедиялык стоматология, профилактикалык стоматология, физиотерапевт жардамчысы;
контракттын өлчөмү: 30 000 сом, баалар өзгөрүшү мүмкүн, колледждин кабылдамасынан тактап алыңыз;
кимдер тапшыра алат: 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрү;
дареги: Манас көчөсү, 215;
телефон номери: (0553) 68-29-86

Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайы

кирүү экзамендери: Кыргызстандын тарыхы жана дүйнөлүк тарых, музыка;
документтер тизмеси: билими тууралуу документ, паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, 3х4 өлчөмүндөгү алты сүрөт, катталгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, 086/у формасындагы медициналык тастыктама, ММК (милдеттүү медициналык камсыздандыруу);
адистиктер: хор дирижерлугу, фортепиано, музыка теориясы, кыл тагылган аспаптар, орус элдик аспаптары, кыргыз элдик аспаптар, үйлөмө аспаптар, вокалдык искусство;
контракттын өлчөмү: бардык адистиктер бюджеттик;
кимдер тапшыра алат: 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрү;
дареги: Ленин көчөсү, 198;
телефон номерлери: (03222) 6-67-94, (03222) 6-66-28.

"Мурас" инновациялык колледжи

кирүү экзамендери: математика жана кыргыз/орус тили боюнча тест;
документтер тизмеси: билими тууралуу документ, паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, 3х4 өлчөмүндөгү алты сүрөт;
адистиктер: башталгыч класстарда окутуу, мектепке чейинки билим берүү, социалдык иш;
контракттын өлчөмү: 20 000ден 22 000 сомго чейин, баалар өзгөрүшү мүмкүн, колледждин кабылдамасынан тактап алыңыз;
кимдер тапшыра алат: 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрү;
дареги: Ташкен көчөсү, 35 А/1;
телефон номерлери: (0555) 31-64-55, (0500) 39-32-33, (0773) 68-54-64, (0223) 69-70-70.
Кирүү экзамендерин жана документ тапшыруу мөөнөтү жана шарттарын тийиштүү окуу жайынын кабыл алуу комиссиясынан тактоого болот.
Колледждин бүтүрүүчүсү. Иллюстративдик сурөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2023
Бишкектеги колледждер: окуу акысы, дареги. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0