Путин Украина менен НАТО Россия менен сүйлөшүүдөн баш тартканын эскертти

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2023
Жазылуу
Россиялык президент жаңжал АКШ менен НАТОнун Россиянын коопсуздугуна коркунуч жаратканына байланыштуу чыкканын белгиледи.
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Украинадагы абал жана НАТОнун кеңейиши тууралуу кеп кылып жатып көйгөйлөр сүйлөшүү жолу менен чечилиши керектигин айтып, бирок Киев дагы, НАТО дагы буга макул болбой жатканын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Украина жаңжалына байланыштуу абалды талкуулай алабыз. Бардык маселе сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек деген сиздердин пикирге биз, албетте, кошулабыз. Бирок көйгөйдүн баары биз менен сүйлөшүү жүргүзүүнү каалабай жатканында болуп жатат", — деди Путин "Россия — Африка" саммитинде.

Россиялык президент жаңжал АКШ менен НАТОнун Россиянын коопсуздугуна коркунуч жаратканына байланыштуу чыкканын белгиледи.
"Дагы бир ирет кайталап айтып жатам, алар бардык тарап үчүн коопсуздукту камсыздоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү каалабай жатышат. Украина дагы, тагыраагы, бүгүнкү украиналык режим сүйлөшүүдөн расмий түрдө баш тартты. Украинанын президенти бул маселе боюнча тийиштүү декрет кабыл алды. Анда сүйлөшүү жүргүзүүгө тыюу салынган", — деди Путин.
"Россия Африка" форуму Санкт-Петербургда 27-28-июлда өттү. РИА Новости форумдун маалыматтык өнөктөшү болуп саналат.
Россия президенти Владимир Путин Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Россия — Африка экономикалык жана гуманитардык форумга катышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2023
Путин Россия — Африка форумуна катышты. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0