"Россия – Африка" саммитинде Путин эмне жөнүндө айтты? Урунттуу учурлар

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүү"Россия – Африка" саммитинин соңунда Россия президенти Владимир Путин
Россия – Африка саммитинин соңунда Россия президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2023
Жазылуу
Россия лидери саммит Россиянын да, Африканын да эки тараптуу кызматташууга жана кызматташуунун жаңы форматтарын табууга чоң ниеттери бар экендигин көрсөткөнүн билдирди.
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. "Россия – Африка" саммитинин соңунда президент Владимир Путин жана Комор аралдары союзунун президенти Азали Ассумани ЖМК үчүн билдирүү жасашты. Бул тууралуу маалымат Кремлдин сайтына жарыяланды.
Путин Африка өлкөлөрүнүн өкүлдөрү Россия менен кызматташууну өнүктүрүүгө чындап кызыкдар экендигин билдиргенин белгиледи.
Россия лидеринин билдирүүлөрүнүн урунттуу учурларын беребиз:
"Россия – Африка" экинчи саммитинин расмий программасынын негизги иш-чаралары конструктивдүү, достук маанайда, жемиштүү өткөндүгүн билдиргим келет.
Африка мамлекеттеринин өкүлдөрү саясий эркин, өздөрүнүн көз карандысыздыгын жана биздин өлкө менен кызматташууга чынында кызыкдар экендигин көрсөтүштү. Биз муну баалайбыз жана Россия-Африка алакаларынын ийгиликтүү келечегине ишенебиз.
Биргелешкен документтердин бир катар олуттуу топтому кабыл алынды. Биринчи кезекте лидерлер тарабынан жактырылган Петербург декларациясын белгилеп кетем. Анда Россия менен Африка өлкөлөрүнүн узак мөөнөттүү алакалары белгиленди.
Неоколониализмге, мыйзамсыз чектөөлөрдү колдонууга, салттык-адептик баалуулуктарды бузуу аракеттерине каршы биргеликте күрөшүү макулдашылды;
Сочи келишими бекитилди – үч жылда бир жолу Россия-Африка жолугушуулары жогорку деңгээлде өткөрүлөт. Анын ортосунда сүйлөшүү өнөктөштүгү ишке ашырылат, мындан тышкары, 2026-жылга чейинки аракеттердин масштабдуу планы түзүлдү.
Африка өлкөлөрүнүн инфекциялар менен күрөшүү аракеттерине масштабдуу жардам көрсөтүүнүн программасы ишке киргизилет. Ал 2026-жылга чейин уланып, суммасы 1,2 миллиард рублди түзөт.
"Россия — Африка" экономикалык, гуманитардык форуму 27-28-июлда Санкт-Петербург шаарында өттү.
Түштүк Африка Республикасынын президенти Сирил Рамафоса африкалык делегация менен Россиянын презденти Владимир Путиндин жолугушуусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Африка өлкөлөрүнүн Украина боюнча тынчтык демилгесин Кремль кандай кабыл алды?
Жаңылыктар түрмөгү
0