Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украинанын Таганрогду аткылоосу боюнча Кремль билдирүү жасады

© Фото / пресс-служба губернатора Ростовской области / Медиабанкка өтүүУкраинанын Таганрогду аткылоосу боюнча Кремль билдирүү жасады
Украинанын Таганрогду аткылоосу боюнча Кремль билдирүү жасады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2023
Жазылуу
Песков Киев режими өздөрү жактырган ыкма менен – жарандар жашаган объектилерге, калктуу аймактарга сокку урууну улантып жатканын айткан.
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Украина ракетасынын Таганрогго кулашы тууралуу билдирүү таратканын РИА Новости агенттиги жазды.

"Киев режими өздөрү жактырган ыкма – жарандар жашаган объектилерге, калктуу аймактарга сокку урууну улантууда. Киев режими мына ушундай. Алар 2014-жылдан тартып бул аракеттерин Донбасска карата жасап келген, азыр бардык райондорго жасоодо", — деген Песков.

Маалымат катчы Ростов облусунда мындай көрүнүш биринчи жолу болгондугун белгилеген.
"Абадан коргонуу күчтөрүнүн системасы ишке жарады, бул тараптан алып караганда баары иштеп жатат, баары жайында... Кудайга шүгүр, каза болгондор жок", — деген ал.
28-июлда киевдик режим Таганрогдогу калк жашаган аймакты абадан коргонуучу С-200 топтомундагы ракета менен аткылап, кезектеги террордук чабуулун жасаган. Россиянын абадан коргонуу системасы Украинанын ракетасын өз учурунда токтотуп, анын сыныктары шаардын аймагына түшкөн. Чабуулдун кесепетинен бир нече имараттар талкаланган. Алдын ала маалыматтар боюнча, айнектердин сыныгынан бир нече адам жабыркаган.
Мындан тышкары, террордук чабуул Москва облусуна да жасалып, Россиянын абадан коргонуу күчтөрү учкучсуз аппаратты токтотту. Каза болгондор жана кыйроолор жок экени айтылды.
Россиянын Тышкы иштер министрлигин имараты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын Таганрогду аткылоосу: Россия жооп кылган катаал чаралар тууралуу айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0