Сокулуктагы жаалданып, кишилерди сабаган таякчандар: алтоо кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКолунда бита менен киши. Иллюстративдик сүрөт
Колунда бита менен киши. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Сокулук районунун милициясына түнкү кол салуу фактысынан кийин алты киши кармалып, алып келинди. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлаган.
Окуя 28-июлга караган түнү Төмөнкү-Чүй айылында болгон. Интернетке жаалданган таякчандардын башкаларга себепсиз кол салган видеосу жарыяланган.
Андан капарсыз кетип бараткан кишини таякчан, беттерин жаап алгандардын тобундагылар чала-була сермеп калганы, бирок беркинин качып кутулганын көрүүгө болот.
Милиция ээнбаштардын бир нече кишилерди сабап, эки автоунааны талкалаганын билдирди.
Учурда кармалгандардын аты-жөнү жана башка маалыматтары такталып, алтоо тең милициянын бөлүмүнө жеткирилген. Учурда тергөө иштери жүрүп, ал тиешелүү жетекчилердин көзөмөлүндө экени айтылды.
Бокс боюнча дүйнөнүн экс-чемпиону Бейбут Шуменов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2023
Астанада кыргызстандыкты сабаган боксчу Шуменовго издөө жарыяланды
Жаңылыктар түрмөгү
0