Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Аскердик операциянын маңызы өч алууда эмес. "Контрчабуул" тушуккан абалдан баян

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүү"Град" залптык октук реактивдүү тутуму
Град залптык октук реактивдүү тутуму - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2023
Жазылуу
РФ Куралдуу күчтөрү киевдик режимдин көзөмөлүндөгү аймактардагы Украина Куралдуу күчтөрүнүн объектилерине ракеталык сокку уруп, фронттун бир нече тилкесин жиреп кирүүдө.
Мындай көрүнүш өзгөчө Красный Лиман жана Купянск багыттарында даана байкалууда. Украиналык армиянын "контрчабуулунун" бардык аракеттери басылып, жоокерлерин да, техникасын да жоготууда. Маселен, Батыш тарабынан берилген курал-жарактын үчтөн бири талкаланды.
Россиянын Куралдуу күчтөрү 26-июлда Украина Куралдуу күчтөрүнүн аэродрому, башкаруу жана дислокация пунктуларына, куроочу цех, учкучсуз катерлер, НАТО өлкөлөрү жөнөткөн ракета, курал жана аскердик техникалар сакталган жерлерге таамай аба жана деңиз куралдары менен сокку урган.
Харьковдон Львовго чейинки кеңири ыкчам мейкиндикте Киевдин четиндеги аскердик башкармалыктын жер алдындагы түйүнү, Львов облусундагы Украина Куралдуу күчтөрү жана НАТОнун киберкүчтөрүнүн байланыш борбору канаттуу жана гиперүндүү ракеталар менен жок кылынды.
Ошону менен бирге эле Хмельницкий облусундагы Староконстантинов аэродромундагы украиналык Су-24М жана британиялык Storm Shadow ракеталарынын кампасы, Житомир облусундагы Озерное аэродромундагы объектилер, Одесса облусундагы ок-дары жана аскердик техника кампалары, Николаевдеги чет өлкөлүк жалданма аскерлердин бир нече түйүнү жана жакында эле учкучсуздар өрттөнгөн жердеги инфраструктура да талкаланды.
Бутасын бура бастырбас россиялык "Кинжал", "Искандер", "Оникс" жана пландоочу авиабомбаларынын алдында аба чабуулдарынан коргонуучу натолук куралдар алсыз экени даана байкалды. Крым көпүрөсү үчүн 26-июлдагы дароо 50дөн ашуун ракета менен "өч алуу" өтө жөнөкөйлөштүрүлгөн ыкма экенин белгилешет айрым байкоочулар.
Украина армиясы АКШ менен НАТОнун агрессивдүү тышкы саясатынын тил алчаак инструменти катары 500 суткадан ашуун ок жамгырынын алдында. Украинаны ырааттуу жана ийгиликтүү демилитаризациялоо экономикалык кызыкчылыктарды кыйгап өтпөйт.
Вашингтон киевдик режимди эмес, өз үстөмдүгүн сактап калуу үчүн жаңжалдын уланышына кызыкдар. Ошол себептен Ак үй украиналык согуштук аракеттер театрына жүз миңдеген миллиард доллар сарптамак тургай, АКШ армиясынын курал корун, Украина Куралдуу күчтөрүнүн болгон мобилдик ресурсу жана европалыктардын (анын ичинде НАТО өлкөлөрү) жыргалчылыгын садага чапкандан артка тартпасы айдан ачык.
Россия Куралдуу күчтөрүнүн аскердик бөлүктөрү 25-июлда Купянск багытындагы арышын ыкчамдатып, Жеребец дайрасынан өтүп, Новоегоровка, Надежда, Сергеевка айылдарын бошотуп, Харьков облусуна чукулдап калды. Россиялык аскердик бөлүктөр жаңы чектерден бекем орун алып, акыркы суткаларда эле каршылаш тарабы ушул түйүндө эле 190 жоокеринен ажырап, 17 ок өткөрбөс техникасынан кол жууду.
Украиналык аскерлер Запорожье облусунда Леопард-2 танкын оңдоп жатышат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Атайын аскердик операция: "Брэдли" менен "Леопарддар" кыйроодо
Харьковго жасалган россиялык чабуул Украина Куралдуу күчтөрүнүн резервдерин эки жакка чарпылууга аргасыз кылары ырас, себеби "контрчабуулдун" негизги багыты – Запорожье (бул менен Мелитополь менен Бердянскиге жылууну көздөшөт). Канткен күндө да түндүк жана түштүктө активдүү аракеттер үчүн Киевдин күчү жана каражаты жетишсиз. Вашингтондун кысымы менен Украина "контрчабуулдун негизги фазасын" баштап, Орехов багытында эле (Запорожье) 20 миң аскер, 90 танк, залптык октун реактивдүү тутумунан 120 бирдик, 80 артиллериялык курал жана миномет менен жабдылган төрт бригаданы топтошту.
Америкалык аскердик кеңешчилер украиналык командачылыкка россиялык тылга тактикалык десанттарды кондурууга кеңеш берүүдө, бул үчүн Украина Куралдуу күчтөрү колундагы 30 – 60 тик учакты пайдаланышы ыктымал. Десанттын максаты – россиялык аскердик бөлүктөрдү чочулатып, дүрбөлөңгө түшүрүү. Бирок ошол эле учурда Украина тараптын жоготуулары эбегейсиз санда болуп, операциясы 70 пайызга майнапсыз болору бышык.
Ал ортодо 26-июлда Украина Куралдуу күчтөрүнүн стратегиялык резервинин бригадасынын курамынан үч батальондук тактикалык топ Запорожье облусундагы Работино конушуна жакын россиялык коргонууну жиреп кирүүгө тырышты. РФтин деңиз пехотасынын 810-бригадасынын жана 42-мотоаткычтар дивизиясынын 71-полку каршылаш тарабынан 22 танкын, 10 пехота унаасын, ошондой эле 100дөн ашуун украиналык аскерди жок кылышты. Натыйжада украиналык тарап күчүн топтоо үчүн артка чегинди.
Америкалыктар Украина Куралдуу күчтөрүн шаштырып турганы Россия Куралдуу күчтөрүнүн кубаттуулугу артып жатканынан улам. Атайын аскердик операциянын 500 күнүнүн ичинде Москва өлкө экономикасын да өстүрүп, ок-дары өндүрүшүн 12 эсеге жогорулаткан. Аскердик бөлүктөрдү дагы жаңы куралдар менен жабдуу көлөмү да кыйла көбөйдү.
Батыштагы кыраакы талдоочулар украиналык аймак менен мамлекеттүүлүктү сактап калуунун соңку жолу – Москванын шарттарынын создуктурулбастан аткарылышы. Жамааттык Батыштын украиналык жаңжалдын анык абалын туура баалашына "өзүн башкалардан өйдө санаганы" эле жолтоо болууда. Бирок АКШнын аскердик аналитиктери НАТО келерки жылы ыдырай башташы ыктымал экенин жоромолдоп жатышат.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Бастион ракеталык комплекси Оникс ракеталары менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Эмне үчүн россиялык "Герань" менен "Оникс" Дунай тарапка учууда? Аскерий сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0