Самаркандда ШКУ мамлекеттеринин бизнес өкүлдөрү чогулат

© AFP / BRENDAN SMIALOWSKI / POOLСамарканд шаары. Архивдик сүрөт
Самарканд шаары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2023
Жазылуу
Иш-чаранын катышуучулары бизнесмендердин байланышын өнүктүрүүнү талкуулашат.
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Самаркандда 7-11-август күндөрү "Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин аймактарынын иштиктүү өнөктөштүк жумалыгы" өтөт. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.
Иш-чаранын максаты — ШКУ мамлекеттеринин бизнесмендеринин ортосундагы байланышты өнүктүрүү, экономиканын түрдүү багыттары боюнча кызматташууну талкуулоо, өндүрүш кооперацияларынын жаңы долбоорлорун жана соода келишимдерин иштеп чыгуу.
Иш-чаранын алкагында пленардык жана панелдик сессиялар, электрондук коммерция, жашыл экономика, транспорт жана логистика, санариптик трансформация, аймактар аралык кызматташуу, инвестиция, өнөр жай кооперациясы сыяктуу темаларга багышталган B2B- жана G2B- форматындагы сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.
Шанхай кызматташтык уюмун мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңеши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2023
ШКУнун алкагы кеңейген сайын Евробиримдик аны менен эсептешүүгө аргасыз болот. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0