Кыргызстандын минералдык сууларынын экспорту 4 эсе өстү. Алган өлкөлөр

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүМинералдык суу. Архивдик сүрөт
Минералдык суу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2023
Жазылуу
Былтыр беш айда 300 литрдей эле минералдык суу сатылган.
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кыргызстандан үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында 1 127,1 тонна кантсыз минералдык суу экспорттолду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Сатылган товардын жалпы суммасы 291,2 миң долларды түзөт.
Сатып алган өлкөлөр:
Казакстан — 845 632 литр;
Өзбекстан — 231 525;
Россия — 47 930;
Аты аталбаган өлкөлөр — 1 332;
Түштүк Корея — 560;
Катар — 160;
Ирландия — 0,7 литр.
Былтыр беш айда минералдык суу алда канча аз экспорттолгон, тагыраагы, 300 миң литрге чукул болчу. Ал эми быйыл Казакстан менен Өзбекстанга көп сатылганы байкалат, буга экспорттун жалпы көлөмү өсүп жатканы негиз болгону айтылды.
Даяр сыранын сактоочу складындагы жумушчу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2023
Кыргызстан сыраны чет өлкөгө 11 эсеге көп сата баштады
Жаңылыктар түрмөгү
0