Сөздөн ишке: АКШ украиналык долбоордун токтотулушуна кызыкдар

© AFP / BRENDAN SMIALOWSKIУкраина президенти Владимир Зеленский. Архивдик сүрөт
Украина президенти Владимир Зеленский. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2023
Жазылуу
Жума ортосу киевдик пропаганда үчүн оор өттү. Айрыкча Financial Times басылмасы жазгандай, Жо Байдендин Украина үчүн кошумча бюджеттин алкагында конгресс аркылуу Тайванды куралдандырууну каржылоого ниеттенгени көмөк күткөн тарапты катуу түйшөлттү.
Украинанын кооптонуусу түшүнүктүү, Киев үчүн каралган каражаттарды жалпы бюджеттин алкагында Кошмо Штаттар Тайбэйдин пайдасына буруп, натыйжада Украинаны талаага таштап кете беришет. Украинанын Маалыматтык-психологиялык операциялар борбору түк андай болбостугуна, Украинаны Батыштын, атап айтканда, Американын колдоосу күчтүү экенине ынандырууга тырышканы менен бир катар жүйөлөр башканы айтып турат.
Ак үйдүн украиналык жана тайвандык каржылык долбоорлорун (жарым-жартылай) бириктирүү боюнча мындай комбинациясы тактикалык жана негизинен ички америкалык мүнөздө экенин айгинелеп турат. Кеп конгресстин өкүлдөр палатасын республикачылар көзөмөлдөшүндө, ал эми бул партия үчүн АКШнын Украинага карата саясаты азыркы администрацияга карата сын-пикирдин негизги объектилеринен. Шайлоого да аз эле, бир жылдан ашуун гана убакыт калды.
Ал жакындаган сайын оппоненттердин Байденге жана анын украиналык курсуна карата мамилеси курчуп барат. Бул жагынан алып караганда тайвандык теманы украиналык долбоорго кошуу Тайванды жигердүү колдогон республикачылардын да колун байлайт. Ушундай аппараттык-бюрократиялык оюндар... Мындай конфигурацияда демилгени колдоодон баш тартуу Байдендин келишпес душмандары үчүн да кыйын болуп баратат.
Вашингтондогу Капитолий имаратында киши АКШнын желектерин тууралап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2023
АКШнын убактысы аз: Вашингтондун "саналуу гана айы калды"
Кытай — америкалыктар үчүн чындап эле алдыңкы саптагы душман. Кошмо Штаттар өздөрү болжогондон да украиналык каатчылыкка аралашып калганы кырдаалды ого бетер татаалдаштырып, бирок иштин маңызын өзгөртө албайт. Эки масштабдуу жаңжалга катышууга күч жана ресурстары жетишпегендиктен, алар азиялык багытка толук өтүүгө аргасыз болушат.
Ошону менен бирге эле Вашингтон өз саясатынын тузагына өзү түшүп калды. Мамлекеттик тутумдар эбегейсиз инерцияга ээ. Алар кыймыл стратегиясын жана багытын алмаштырууда абдан жай жүрүп, ашыгышпайт. Алардын баштапкы пландарында Россияны кыйратуу жагы каралган. Бирок анын ордуна бир жарым жылдан бери алар жаңжалга улам терең сүңгүп отуруп, башта пландаган деңгээлинен да ашып кетти.
Улуу америкалык жемкорлукту да унуткарбайлы. Соңку убакта Вашингтондо Украинада суммасы асман башын чапчыган каражаттарды кымырып жаткан бюрократиялык жана бизнес түзүмдөрдүн бүтүндөй топтому түзүлүп калган. Тийиштүү каржылык агымдардын ыгын таап алгандыктан, мамлекеттик саясаттын алмашуусуна таптакыр кызыкдар эмес. Ал эми АКШда лоббизмдин жана айтылуу мамлекеттин күчү туурасында акыркы жылдары көп нерседен кабардар болбодукпу.
Украиналык жана тайвандык бюджетти бириктирүү планында деле "керектүү" адамдар каржылык кызыкчылыгын сактап калуу менен өз активдүүлүгүн азиялык багытка буруп, киевдик авантюраны уланта беришет. Жыйынтыгында Ак үйдүн демилгеси эки коёнду бир ок менен атууга олуттуу шарт түзүп, АКШны украиналык саздан сууруп чыгууга катуу түрткү болушу ыктымал. Бул соңку эмес экени да айдан ачык, Украина жаңжалынан четке чыга берүү боюнча медиа кампания азыр кызуусунда.
Украин аскери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ДЭР Украинанын контрчабуулу эмнеден улам жайлап калганын түшүндүрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0