Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Захарова: танкерге жасалган чабуул масштабдуу экологиялык коркунучту жаратты

© Sputnik / Пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүРоссия ТИМинин өкүлү Мария Захарова. Архив
Россия ТИМинин өкүлү Мария Захарова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2023
Жазылуу
Россия ТИМинин өкүлү буга окшогон варвардык акциялар жоопсуз калбастыгын, ал эми аны жасагандар, аткаргандар жазасын аларын айтты.
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Россиянын ТИМи Керч кысыгында танкерге жасалган террордук чабуулду айыптады.

"Биз жарандык кемеге жасалган террордук чабуулду чечкиндүү түрдө айыптайбыз. Ал экипаждын өлүм коркунучуна гана кептебестен, масштабдуу экологиялык алааматтын болуп кетүү кооптуулугун да жаратты", — деген Россия ТИМинин өкүлү Мария Захарова.

Бактыга жараша, танкер талкаланган эмес, учурда куткаруу операциясы жүрүп жатат.
“Кол салуу үчүн жоопкерчиликти чындыгында Украинанын Куралдуу күчтөрү анын төрагасы Василий Малюктун атынан өзүнө алды. Ал Украина нацисттеринин адамгерчиликсиздиги менен куралсыз жарандарды өлтүрүүгө багытталган террордук чабуулду “мыйзамдуу, логикалык жана майнаптуу кадам” деп атады. Эл аралык коомчулук дагы бир ирет өз көзү менен көрүп, Киевде кандай “мыйзамдуулук” бар экенине ынанышты”, — деген дипломат.
Захарова мындай варвардык акцияларды эч кандай актоо жоктугун, алар жоопсуз калбастыгын, ал эми жасагандар, аткаргандар жазасын аларын айтты.
Мурдараак Россиялык деңиз жана дарыя транспорту боюнча федералдык агенттик Керч кысыгына Украиналык Куралдуу күчтөр чабуул койгондугун, анда деңиз дронунун бутасына "Сиг" танкери алынгандыгын кабарлаган.
Танкердин машина бөлүгүнүн оң жагы тешилген, жабыркагандар болгон эмес. Кеме сууда калып, ичине суу толо баштаган. 11 адамдан турган экипаж өз алдынча күрөшүп, андан кийин аларга суучулдар жардамга келишкен. Танкерден май төгүлгөн эмес.
Москва-Ситинин аймагына түшкөн
пилотсуз аппараттын кесепети  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Түндө Киев бийлиги Москвага үч дрон менен чабуул жасады
Жаңылыктар түрмөгү
0