Москва: пилотсуз учак жок кылынды, Внуково аэропортунда иш үзгүлтүккө учурады

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүВнуково эл аралык аэропорту. Архивдик сүрөт
Внуково эл аралык аэропорту. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2023
Жазылуу
Абадан коргонуу күчтөрү пилотсуз учакты иштен чыгарган.
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Москвадагы Внуково эл аралык аэропортунда рейстерди кабыл алууга жана учурууга чектөө киргизилди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Каттамдар башка аба майдандарга да багытталганы айтылды. Аэропорт мындай кырдаалга аба майдандын өзүндөгү иш себеп болбогонун билдирген.
Ал арада Москванын мэри Сергей Собянин шаардан пилотсуз учак учканга аракет кылып, аны Абадан коргонуу күчтөрү жок кылганын билдирди. Окуя саат 11лер чамасында болгон. Окуядан эч ким жабыркаган эмес.
Москва-Ситинин аймагына түшкөн
пилотсуз аппараттын кесепети  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Түндө Киев бийлиги Москвага үч дрон менен чабуул жасады
Жаңылыктар түрмөгү
0