Бостериде көз жумган жигиттин өлүмүн иликтөө С. Жапаровдун көзөмөлүндө

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2023
Жазылуу
Укук коргоо органдарына окуянын чоо-жайын ар тараптуу жана объективдүү иликтөө тапшырмасы берилген.
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Бостери айылындагы (Ысык-Көл облусу) пляждагы окуяда каза тапкан 23 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча ишти көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Интернетте Көлгө эс алууга келип, "Золотые пески" эс алуу жайындагы пляжда каза тапкан жигит боюнча маалымат чыккан. Анын жакындары сабалганын айтса, бирок милиция талмасы кармап көз жумган деген версияны таратты.
Агасы видеокайрылуу жасап, 6-августка караган түнү иниси достору менен пляждагы барда отурганда жанындагы жети-сегиз бала менен пикир келишпестик жаралып, сабалганын айтты. Алган жараатынан А.Б. ошол жерде каза болгон. Мындан улам ал ошол окуяны видеого тартып калгандар болсо жөнөтүүнү суранды.
Ошол эле учурда каза болгон жигиттин достору да прокуратура жана башка бийлик жетекчилерине кайрылып, тергөөнү калыс жүргүзүүнү өтүнүштү.
Ысык-Көл облустук милициясы маркумдун денесин караган учурда эч кандай күч колдонуунун изи байкалбагандыгын билдирди.
"Президент Жапаров коомчулукта резонанс жараткан, Ысык-Көл облусунун Бостери айылында 23 жаштагы жарандын өлүмү боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алды. Укук коргоо органдарына окуянын чоо-жайын ар тараптуу жана объективдүү иликтөө тапшырмасы берилди", — деген Султанбаев.
Гидроциклдеги адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.07.2023
Ысык-Көлдө эки адамды гидроскутер коюп каза тапты
Жаңылыктар түрмөгү
0