Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Ысык-Көлдүн суусу тартылууда. Себептери

© Sputnik / Акылбек БатырбековЫсык-Көлдүн дрондон көрүнүшү. Архив
Ысык-Көлдүн дрондон көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2023
Жазылуу
Күндүн ысыгынан улам дарыялар кургап калып жатканы белгиленди.
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдүн суусу 10 жылдын ичинде жээктен дээрлик бир метрге тартылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Суу жана жер ресурстары башкармалыгынын жетекчиси Таалай Далбаев билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингге катышты.
© Sputnik / Жоомарт УраимовНачальник управления водными и земельными ресурсами МПРЭиТН Таалай Далбаев
Начальник управления водными и земельными ресурсами МПРЭиТН Таалай Далбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2023
"2011-жылдан 2021-жылга чейин Ысык-Көлдүн суусу жээктен 95 сантиметрге тартылды. Буга кичи дарыялардын азайышы жана ысыктан улам суунун бууланышы себеп болууда. Кыргызстан боюнча кичи дарыялар соолуп калганын байкоого болот. Жай бою дээрлик жаан жааган жок. Ысык-Көлдүн аймагында жалпы жонунан 156 дарыя бар. Бирок алардын 30у гана Ысык-Көлгө куюлат. Анткени калгандары сугатка колдонулат", — деди Далбаев.
Ал бул көйгөйдү жоюу үчүн сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүү, суу аз ичкен өсүмдүктөрдү тигүү жана тамчылатып сугарууга өтүү зарылдыгын кошумчалады.
Кыргызстандын Жашыл альянсынын төрагасы Арстан Кадыров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2023
Радио
Кыргызстанда экологиялык курулуш боюнча кеңеш түзүлдү
Жаңылыктар түрмөгү
0