Министр: 100 миң сом алган 13 миң үй-бүлөнүн 9у гана иштетип кете алган жок

© Фото / Пресс-служба министерства труда, социального обеспечения и миграции КР"Социалдык келишим" долбоорунун катышчуулары. Архив
Социалдык келишим долбоорунун катышчуулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2023
Жазылуу
Мамлекеттик программага катышкандардын 96 пайызы — аялдар.
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. "Социалдык келишим" долбоорунун алкагында 100 миң сомдон алган 13 миң үй-бүлөнүн тогузу гана ишкердик кыла албай калды. Бул туурасында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев айтканын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекеттик программага катышкандардын 96 пайызы — аялдар.
"Бир жарым жылда 13 миң үй-бүлөнүн ичинен тогузу гана жүйөлүү себептер менен сунуштаган долбоорун жүзөгө ашыра албай калды. Себеби кээ бири каза болсо, дагы бири көчүп кетти. Калган үй-бүлөлөр жөлөк пул алуучу статусунан жеке ишкер макамына өтүп, өзүн-өзү камсыздап, жашоо-турмушун оңдоп алышты", — деди министр.
Аны менен катар Базарбаев президенттин жакырчылыкты жоюу боюнча демилгеси эффективдүүлүгүн көрсөтүп жатканын белгилеген.
Тигүүчү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2023
100 миң сомдон алган үй-бүлөлөр кандай ишканаларды ачты? Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0