Жеке маалыматтарды коргоо агенттиги "Яндекс Таксиге" сурам жөнөттү

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүү"Яндекс Таксинин" айдоочусу жумуш учурунда. Архив
Яндекс Таксинин айдоочусу жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2023
Жазылуу
Ведомство Yandex Go мобилдик тиркемесин изилдеп чыгып, эрежелер бузулганын аныктаган.
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик Кыргызстандын жарандарынын маалыматтарын иштеп чыгуунун мыйзамдуулугун изилдөө үчүн "Яндекс.Такси Корп" ЖЧКсына сурам жөнөттү.
Анда белгиленгендей, массалык маалымат каражаттарынын маалыматы боюнча, 2023-жылдын 1-сентябрынан тарта Россиянын Федералдык кызматы (ФСБ) "Яндекс Такси" кызматын колдонуучулардын, анын ичинде Кыргызстандагы кардарлардын маалыматтарын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ушуга байланыштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик Yandex Go тиркемесин жана анын купуялык саясатын изилдеп чыкты.
"Жыйынтыгында айрым мыйзамдар бузулганы аныкталды. Yandex Go мобилдик тиркемесинде купуялык саясаты орус тилинде гана берилген жана ал КРдин мыйзамдарына туура келбеген жоболорду камтыйт. Мындан тышкары, документте "Яндекс адамдардын кайсы уюмдарга барганын, табитин, телефон китепчелеринин жана башкалар жөнүндө маалыматтарын чогултушу мүмкүн" деп айтылат. Бирок бул маалыматтар кандай максатта чогултулуп жатканы жазылбагандыктан субъектинин укугун бузуу болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.
Агенттик ошондой эле эгерде маалыматтарды иштеп чыгуу борбору Кыргызстандын аймагында жайгашпаса, жеке маалыматтар трансчегаралык жол менен өтүп жатат деп саналарын белгилейт.
"Мындан тышкары, жеке маалыматтарды чет өлкөлүк уюмдарга ички мыйзамдардын талаптарын сактабастан өткөрүп берүү мыйзам бузуу катары каралат жана коомдук коркунучтун даражасына жараша жазанын түрү колдонулушу мүмкүн. Ошол эле учурда өлкөнүн аймагында КР жарандарынын жеке маалыматтары менен иш алып баруу үчүн бардык юридикалык жактар Жеке маалыматтар массивдеринин кармоочуларынын реестринде катталууга тийиш. Бирок 2023-жылдын 9-августуна карата "Яндекс.Такси Корп" ЖЧКсы реестрде каттоо жана бекитүү процедурасынан өткөн эмес", — деди агенттик.
"Яндекс.Такси Корп" ЖЧКсынын дарегине 2023-жылдын 18-августуна чейин сервердик инфратүзүм боюнча, КР жарандарынын жеке маалыматтарын иштеп чыгууну жүзөгө ашырган уюмдар менен өз ара иштешүү боюнча документтерди берүү талабы боюнча сурам жөнөтүлдү.
Мамлекеттик агенттикке “Яндекс.Таксинин” маалымат кызматы жооп берди. Алар сурам түшкөнүн жана Мамлекеттик жеке маалыматтарды коргоо агенттиги менен түз диалогго барууга даяр экенин билдирди.

"Яндекс Такси" агенттиктин сунуштарын эске алуу менен жеке маалыматтар боюнча жаңы ыкма, мыкты тажрыйбаларды колдонуу ниетинде. Россиянын мыйзамдары Кыргызстандагы сервиске жана анын колдонуучуларына иштебейт, себеби алар тиркемени Россиянын аймагынан тышкары колдонууда. Бул 1-сентябрдан кийин да өзгөрбөйт. 2023-жылдын 1-февралынан бери "Яндекс.Такси Корп" ЖЧКсы Кыргызстанда Яндекс Go сервисин көрсөтүп келет. Биз жеке маалыматтын субъектилеринин укуктарын сактайбыз, ал эми жеке маалыматтарды иштетүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү башкы максатыбыз", — деп айтылат компаниянын жообунда.

Ишкана Кыргызстандагы бул кызматка байланышкан жеке маалыматтар чет элдик мамлекеттик органдардын, анын ичинде Россиянын маморгандарынын сурамы боюнча аларга берилбей тургандыгын белгилеген.
"Чет элдик, анын ичинде россиялык мамлекеттик органдар тарабынан жеке маалыматтар боюнча сурам расмий жана атайын бекитилген эл аралык процедуралардын алкагында гана болушу мүмкүн. Мисалы, Интерполдун же Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин катышуусу менен", — деп жооп берген компания.
Яндекс таксинин унаасы.Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2023
Антимонополия кызматы "Яндекс таксиге" бир ай мөөнөт берди. Себеби
Жаңылыктар түрмөгү
0