Атайын операцияда мыктылыгын көрсөткөн техниканын "Армия-2023" көргөзмөсү башталды

© Sputnik / Иван Родионов / Медиабанкка өтүүРоссия аскери дрон менен. Архивдик сүрөт
Россия аскери дрон менен. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2023
Жазылуу
Иш-чарадан Россиянын кургакта, абада жүргөн кубаттуу техникасынын түрүн көрүүгө болот.
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Подмосковьедеги Кубинкада атайын операция учурунда мыктылыгын далилдеген курал-жарак жана россиялык коргонуу өнөр жайынын саамалыктары көрсөтүлө турган аскердик-техникалык "Армия-2023" эл аралык форуму башталды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Иш-чара 20-августка чейин уланат.
Быйыл аталган форумга 69 чет элдик делегация катышары, анын 29ун коргоо министрлери менен генералдык штабдардын жетекчилери баштап келери айтылды.
"Ростех" корпорациясына караган "Рособоронэкспорт" компаниясынын башкы директору Александр Михеев көрсөтүлө турган курал-жарак менен техниканын катарында "Куб" дрондору, чалгындоочу "Орлан-10" и "Орлан-30" учкучсуз аппараттары, өзү жүрүүчү "Мста-С" гаубицасы жана 2С31 "Вена" артиллериялык куралы бар экенин белгиледи.
Мындан тышкары, келгендер учкучсуз учуучу аппараттарга каршы иштеген системанын курамындагы чалгын каражаттарын, абадан коргонуу техникасын көрө алышат.
Экспозициянын басымдуу бөлүгү "Ростех" мамлекеттик корпорациясынын ишканалары менен холдингдерине туура келет. Башкы директордун орун басары Владимир Пртяков курал-жарак салонуна Су-57 учагынын беш мууну, Су-35С, МиГ-35 жана Су-30СМ истребителдери, сокку урган Ка-52М жана Ми-28Н тик учактары коюлганын белгиледи.
Кургакта жүрүүчү техникадан танкалар, пехота менен десанттын аскер машиналары, ошондой эле алыстан туруп миналоочу "Земледелие" инженердик системасы көрсөтүлмөкчү. Мындан тышкары, "Ростех" керамикалык бронеплитасы НАТОнун 8,6 миллиметрлик винт огуна туруштук берчү "Оберег" бронежилетин тартуулайт.
Форумда азыркы иштеп жаткан техникадан тышкары бул жааттагы саамалыктар да сунушталат. "Ремдизель" ишканасы чабуул койгон топторду колдоп, ок-дары жеткирип, жүк жана жарадар болгондорду ташыган, ошондой эле радиостанциялар менен квадрокоптерлерди кубаттоочу "Зубило" сооттолгон унаасын алып келди. Ал эми "Сигнал" компаниясы талааны минадан тазалаган "Шмель" аталышындагы дагы бир роботту эл сынына коет. Саамалыктардын катарында жаңы ири калибрлүү "Астарта" винотовкасы да бар.
Иш-чарага Россиянын ракеталык-космостук ишканалары да катышууда. "Протон-М" жана "Ангара-А5" ракетасын чыгарган Хруничев борбору чакан аппараттар менен сокку урууга ылайыкташкан жаңы техниканын макетин алып келген. Мындан тышкары, форумда навигациялык "Глонасс-К2" спутнигинин, "Амур-СПГ" ракетасына керектелүүчү РД-0169А метан кыймылдаткычынын жаңы макеттери көрсөтүлөт. Буга кошумча, жалпы стендде планеталар аралык "Луна-25" станциясынын макети жайгаштырылат. Эскерте кетсек, учурда аталган станция Жердин табигый спутнигине жакындоодо, Түштүк уюлга 21-августта конору пландалган.
Ка-52 Аллигатор тик учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиянын тик учактары — Украина менен НАТО үчүн өкүм. Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0