"Армия-2023": Россия Кургактагы жана Аба-десанттык күчтөрүнүн техникасын көрсөттү

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЭл аралык аскердик-теникалык "Армия-2023" форуму. Архивдик сүрөт
Эл аралык аскердик-теникалык Армия-2023 форуму. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2023
Жазылуу
14-августта башталган аскердик-техникалык "Армия-2023" эл аралык форуму 20-августта соңуна чыгат.
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Эл аралык аскердик-теникалык "Армия-2023" форумунун алкагында "Алабино" полигонунда Россиянын Кургактагы жана Аба-десанттык күчтөрүнүн куралы менен техникасы көрсөтүлдү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
РФ Коргоо министрлигинин инновациялык өнүктүрүү башкы башкармалыгынын жетекчиси Александр Осадчуктун айтымында, бардыгы болуп 10 эпизод көрсөтүлгөн. Форумга келген чет элдик жана россиялык адистер, аскердик атташелер Т-90МС, Т-14 "Армата" танкаларынын, БТР-82АТ бронетранспортерунун, десанттын БМД-4М аскердик машинасынын, "Искандер-М" ракеталык компексинин мүмкүнчүлүктөрүнө күбө болушкан.
Эскерте кетсек, 14-августта башталган аскердик-техникалык "Армия-2023" эл аралык форуму 20-августта соңуна чыгат. Анда атайын операция убагында мыктылыгын далилдеген техника жана бул жааттагы саамалыктар көрсөтүлөт. Быйыл аталган форумга 69 чет элдик делегация катышууда, анын 29ун коргоо министрлери менен генералдык штабдардын жетекчилери баштап келген.
Форумга келген коноктор 28 миңден ашуун экспонатты көрө алышат. Иш-чара үч аянтчада өтүп жатат: "Патриот" көргөзмө борборунда, "Алабино" полигонунда жана Кубинка аэродромунда. Көргөзмө экспозициясынын аянты 300 миң чарчы метрди түзөт.
Жыйынтыгында 433 миллиард рублден ашкан келишимге кол коюлары күтүлүүдө.
Зениттик-ракеталык комплексттер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2023
"Армия-2023": жердеги техниканы калкалаган "Тор-2Э" зениттик-ракеталык комплекси
Жаңылыктар түрмөгү
0