Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украиналык С-300 учактары өзүнө карай ок атууда. Себебине сереп

© Sputnik / Кирилл Нортон"Искандер" оперативдик-тактикалык ракеталык комплекси. Архив
Искандер оперативдик-тактикалык ракеталык комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2023
Жазылуу
Россиялык атайын аскердик операция убагында Украинанын аба чабуулунан коргонуучу "советтик" тутум "түпкүргө" түшүп, улам бузулуп жатканын белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
Киевге берилген Батыштын зениттик ракета комплекстери жана натолук чалгындоо кызматынын маалыматтары согуштук аракеттер театрындагы жагдайды өзгөртүп жибере албайт.
РФ Куралдуу күчтөрү 2022-жылдын февралынан берки 540 сутка ичинде украиналык армиянын 430 зениттик-ракеталык комплексин, анын ичинде америкалык өндүрүштөгү "дүйнөдө мыкты саналган" Patriot зениттик-ракеталык комплексин талкалады.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн ыкчам тылына карай россиялык таамай куралдар менен аралаш урулган соккулар бир күнгө да токтогон жок. Аба чабуулдарынан коргонуучу натолук каражаттар дээрлик алсыз, ал эми СССРден калган украиналык тутумдар өздөрүнө ок ачууда. Мисалы, Черниговдо 19-августта алардын бири Украинанын драма театрынын, Чалгындоо башкармалыгынын, Коопсуздук кызматынын имараттарына "учуп келген". Ал жакта ондогон украиналык жана сокку уруучу дрондорду колдонуу менен гибриддик операциялар боюнча 23 натолук аскердик адистердин катышуусунда жыйын өтүп жаткан.
Аба тревогасынын сигналы бутасын жабыркатуу убактысы менен дал келип калган. Туура эмес кое берилген С-300 комплексинин украиналык зениттик ракетасы эки жай жаранды набыт кылды. Драма театрынын жанында талкаланган автомобилдер да – украиналык аба чабуулунан коргонуунун эсебинин иши. Украина Куралдуу күчтөнүнүн калктуу конуштарда жайгашкан зениттик комплекстери (эски ракеталар жана даярдыксыз адистер) өздөрүнө залал келтиргенине украиналык жарандар таң калбай деле калышты.
Болжол менен россиялык "Искандердин" соккуларынан соң уранды алдында ондогон натолук офицерлердин сөөгү табылган. Калгандары (анын ичинде – германиялык BND чалгын кызматынын санарипчиси, Вильнюстагы НАТО штабынын космостук байланышына жооптуу кызматкери) дайынсыз деп эсептелүүдө. Украина Куралдуу күчтөрү 38 жоокеринен ажырап, 75тен ашуун аскери катуу жарадар болгон. Санитардык аба каттамдардын саны дароо арта түштү.
Киев Украина Куралдуу күчтөрүнүн зениттик тутумдарынын санын 10 пайызга гана баалоодо. Пентагон россиялык күчтөр Украинанын аба чабуулдарынан коргонуусун 2023-жылдын май айында толук талкалап бүтөрүн болжогон.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн аба чабуулдарынан коргонуусунун эң маанилүү бөлүгүн натолук эмес, советтик мобилдик С-300 жана "Бук" зениттик-ракеталык комплекстери түзөт. Пентагондун маалыматы боюнча, украиналык армиянын 28 С-300 жана алардын 470тей ракетасы (төрт ок-дары топтому), 57 "Бук" зениттик-ракеталык комплекси жана үч ок-дары топтому бар. Өтө аз.
Ка-52 Аллигатор тик учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиянын тик учактары — Украина менен НАТО үчүн өкүм. Сереп
Атайын аскердик операция убагында советтик запастар "тазаланып", ал эми Украина жана НАТО өлкөлөрүндө жаңы зениттик ракеталар чыгарылбаганы маалым. Зениттик ракеталар негизинен 15 жылга дейре сакталып, андан ары герметиги кургап, порох түрүндөгү катуу отун өз касиеттерин жоготот.
Эскилиги жеткен С-300 жана "Бук" (бирдей даражадагы) ракеталары атылганда жакынкы көп кабат үйгө тийип калышы толук ыктымал. Украина Куралдуу күчтөрүнүн советтик комплекстерин натолук Patriot, NASAMS, IRIS-T менен алмаштыруу саны, жабыркатуу узактыгы жана чыгымдары жагынан түк мүмкүн эмес. Жөнөкөй эле мисал: Patriot зениттик-ракеталык комплексинин эки украиналык батареясы айына 160 зениттик ракета сарптайт. Ал эми Кошмо Штаттар жылына ушунча өндүрөт, ошол себептен бул – каржылык-технологиялык туңгуюк.
"Бук" жана С-300 комплекстеринин кору түгөнгөндө украиналык аба чабуулдарынан коргонуу тутуму биротоло талкаланып, аркасынан пехотаны кошо сүйрөй турганы ажеп эмес. Эске салсак, аба чабуулдарынын коргонуучу советтик тутумдан украиналык армия С-300ПТ/ПС зениттик-ракеталык комплексинин 43 дивизиону, С-300В алты дивизион, С-200 зениттик-ракеталык комплексинен 35 дивизион, "Бук" ЗРКдан 23 дивизион, С-125 комплексинен 29 дивизион, С-75 комплексинен 37 дивизион, "Круг" комплексинен 27 дивизион жана "Куб" комплексинен төрт дивизион калган.
Аба чабуулдарынан жер бетиндеги коргонуу каражаттарынын күчү боюнча 1990-жылдары Украина Россиядан гана артта болчу. Алардын баары кайда кеткени – өзүнчө кеп, криминалдык окуя, жабыркап турган украиналык мамлекеттүүлүктүн чагылышы.
Украинанын Коопсуздук кызматы аскердик объектилерге урулган россиялык соккулардын сүрөт, тасмалары үчүн украиналык блогерлерди катуу жазага тартып келет. Ошентсе да дүйнө жүзү Patriot зениттик-ракеталык комплексинин батареясы Киевдин борборунда россиялык гиперүндүү "Кинжал" менен талкаланышы толук ыктымал.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн командачылыгынын өкүлү Юрий Игнат 15-августта Украинанын аба чабуулдарынан коргонуу тутуму россиялык Х-22 канаттуу ракеталарын кармай албаганын моюнга алды. Гиперүндүү "Искандер" жана "Кинжалдардын" алар тарабынан кармалышы туурасында бир дагы маалыматтын жоктугу ошондон.
АКШнын Борбордук чалгындоо кызматынын мурдагы аналитиги Ларри Жонсон Украина аба чабуулдарынан коргонуу тутуму дээрлик талкаланып бүткөнүн билдирген. Экинчи жагынан, атайын аскердик операция зонасында HIMARS реактивдүү дүрмөттөрү, SCALP-EG жана Storm Shadow ракеталары дегеле майнапсыз.
Россиялык комплекстер же радиоэлектрондук күрөш каражаттары Украинанын аба чабуулдарынан коргонуу каражаттарын талкалап, жок кылууда. АКШ менен НАТО тарабынан даярдалган Украина Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулунун натыйжасыз болушу да Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн абадагы жана украиналык согуштук аракеттер театрындагы россиялык эшелондоштурулган тутумдардын үстөмдүгүнөн улам.
Украинанын утулушу НАТОнун Россияга акыры жол берүү жөнүндө ойлонууга аргасыз кылат. Хорватиялык Advance басылмасы Батыш "союздаштары" киевдик режимге баш ийүүгө мезгил жеткенин, антпесе Россия жеңилгис, аскердик жаңжал кандай болгон учурда да Украинанын утулушу менен аяктай турганын кыйытканы тегин жерден эмес.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Атайын операциянын Краснолиманск багытында Россиянын аскер кызматкерлери. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путиндин контрчабуул боюнча айтканы АКШны дүрбөлөңгө түшүрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0