Келерки жылы Россия төрага болот. БРИКС саммитинде Путин токтолгон урунттуу учурлар

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин БРИКС саммитинде
Россия президенти Владимир Путин БРИКС саммитинде  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2023
Жазылуу
БРИКСтин Йоханнесбургдагы саммити эртең, 24-августта, жыйынтыкталат.
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин БРИКС саммитинде уюмдун мамлекеттери неоколониализм саясатына каршы чыгарын баса белгиледи.
Sputnik төмөндө Россия лидеринин саммитте сүйлөгөн сөздөрүнө токтолот:
Биздин “Бешилтик” дүйнөдөгү көпчүлүктүн пикирин жактап, глобалдуу аренада өзүн көрсөттү;
Бардыгыбыз БУУнун уставынын негизги принциптерин урматтоо менен чыныгы адилеттүү жана эл аралык укукка негизделген көп полярдуу дүйнө тартибин түзүүнү бир добуштан колдойбуз;
Дал ушул дүйнөдөгү үстөмдүгүн сактап калууга болгон кээ бир өлкөлөрдүн умтулуусу Украинаны оор кризиске алып келгенин белгилегим келет;
БРИКСтеги кесиптештерибизге Украинадагы кырдаалды токтотууга жана тынчтык жолу менен адилеттүү жөнгө салууга жетишүүгө жигердүү катышкандыктарына ыраазылыгыбызды айтабыз;
БРИКС өлкөлөрү жылдан-жылга мүмкүнчүлүгүн арттырууда. Акыркы 10 жылда БРИКС өлкөлөрүнүн дүйнөлүк экономикага салган инвестициясы эки эсеге көбөйүп, алардын биргелешкен экспорту дүйнөдөгү жалпы көлөмдүн 20 пайызына жетти.
2025-жылга чейинки экономикалык өнөктөштүк стратегиясы ийгиликтүү ишке ашырылууда. Тактап айтканда, беш тараптуу кызматташтык дедолларизациялоо жана өз ара эсептешүүлөрдө улуттук валюталарга өтүү, санариптик экономика, кичи жана орто бизнести колдоо сыяктуу тармактарда бекемделүүдө;
БРИКСке төрагалык кылуу эмдиги жылы Россияга берилет. Биздин төрагалык "Адилеттүү глобалдык өнүгүү жана коопсуздук үчүн көп тараптуулукту бекемдөө" деген ураандын алдында өтөт. Россиянын ондон ашык шаарларында 200дөй саясий, экономикалык жана социалдык иш-чараларды өткөрүүнү пландаштырып жатабыз.
Эске салсак, 2023-жылы 22-августта Йоханнесбургда башталган БРИКСтин саммити бүгүн да өзүнүн ишин улантууда. Анда Глобалдуу Түштүктүн лидерлери Батыш эми алар менен эсептешүүсү керектигин билдиришти.
БРИКС Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африканын башын бириктирген. Бирок соңку учурда экономикалык бул блокко 23 мамлекет мүчө болууга ынтызарлыгын билдирген. Аларды катарында Аргентина, Иран, Алжир, Тунис, Түркия, Сауд Арабиясы жана Египет сыяктуу мамлекеттер бар.
БРИКС мамлекеттеринин желектери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2023
БРИКС мамлекеттеринин экономикасынын кулачы жайылууда. Инфографика
Жаңылыктар түрмөгү
0