Кыргыз-казак чек арасында топтолгон фуралар боюнча ЕЭК комиссиясы келерин айтышты

© Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер Алиев"Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайы. Архив
Ак-Тилек көзөмөл-өткөрүү жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2023
Жазылуу
Тиешелүү сурамды Кыргызстандын Экономика министрлиги Евразиялык экономикалык комиссияга (ЕЭК) жөнөткөнү белгилүү болду.
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы автоунаалардын топтолуп өтө албай турган кырдаалга байланыштуу ЕЭКтин комиссиясы келерин Sputnik агенттигине маалымат булактар кабарлашты.
Бул боюнча тиешелүү сурамды Кыргызстандын Экономика министрлиги Евразиялык экономикалык комиссияга (ЕЭК) жөнөткөнү белгилүү болду. Евразиялык экономикалык комиссиянын жумушчу тобун аталган түзүмдөгү энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев жетектеп келери айтылды.
Эске салсак, бир нече күндөн бери Кыргызстандан чыгып бара жаткан фуралар чек арадан Казакстанга кире албай зарыгып турат. Ал бир нече чакырымга созулуп кеткен. Казак тарап автоунааларды өтө жай өткөрүүдө. Маселен, Кыргызстандын Чек ара кызматы 21-августта болгону үч автоунаанын өткөнүн билдирген. Бүгүнкү маалыматтарга таянсак, "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайында 493 автоунаа бар дешти (кечээ алардын саны 430 болчу). Ал эми экинчи "Кең-Булуң" көзөмөл-өткөрүү жайындагы өтө албай турган фуралардын саны 146га чыкканы айтылган.
Бир суткада Кыргызстандан Казакстанга 112 автоунаа кирген.
Кырдаалдан улам "Ак-Тилектин" жанына айдоочулар үчүн чатырлар тигилген.
Чек арадагы фуралардын өтө албай топтолуп калышы боюнча Казакстандан да комментарий беришкен. Коңшу өлкөнүн каржы министри Ерулан Жамаубаев баңгизатын аныктоо боюнча операция болуп, Чек ара жана Улуттук коопсуздук комитети тарабынан тыкыр текшерүү жүрүп жатышы мүмкүндүгүн айткан. Ал "коммерциялык жүктөр боюнча эч кандай көрсөтмөлөр болбогонун" билдирген.
Евразиялык экономикалык комиссия (ЕЭК) — Евразиялык экономикалык биримдиктин атайын иштеп, маселелерди жөнгө салып турган органы.
Жалал-Абад облусундагы капчыгай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2023
Казакстандын суу боюнча Кыргызстанга доосу жок. Расмий билдирүү
Жаңылыктар түрмөгү
0