Терини жашартат. Диетолог кара өрүктүн пайдасын түшүндүрдү

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКара өрүктүн жыйноо иштери. Архив
Кара өрүктүн жыйноо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2023
Жазылуу
Күнүнө 300 граммдан кем эмес мөмө-жемиш, анын ичинде кара өрүк жей турган болсоңуз теринин өңү жакшыра түшөт.
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Туура тамактануу картаюу процессин жайлатат. Бул тууралуу Sputnik радиосуна курган маегинде диетолог Зоя Богданова айтып берди.
Адистин айтымында, кара өрүк беттин терисинин жылмакай болуп көрүнүшүнө жардам берет.
"Эгерде сулуулук жана жаштык тууралуу айта турган болсок, беттин териси үчүн кара өрүк пайдалуу. Ал А жана В тобундагы витаминдерге бай, андан магний, темир, кальцийди алууга болот. Аталган мөмө клеткалардын кычкылдануусун жайлатат, муну менен катар теринин картаюусу жай жүрөт", — деп түшүндүрдү Богданова.
Диетолог тери жаш көрүнгөн натыйжага жетүү үчүн кара өрүктү күнүнө канча жеш керектигине токтолду.
"Эми, албетте, килограммдап жебеш керек. Эгерде күнүнө 300 граммдан кем эмес мөмө-жемиш, анын ичинде кара өрүк жей турган болсок, анда жүзүңүздүн терисинин өңү жакшырып, жылмакай боло түшөт. Күнүнө 300 грамм мөмө-жемиш организм үчүн өтө пайдалуу", — деди адис.
Кулпуна. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2023
Диетолог стресстен оңой чыгууга жардам берчү азыктарды айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0